Дастан Догоев кызматтан кетип, ордуна Талантбек Иманов келди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСанариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев. Архивдик сүрөт
Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2022
Жазылуу
Талантбек Имановдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизүүгө токтом кылынган.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев кызматтан кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аталган жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Догоевдун ордуна Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Талантбек Иманов санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
"Талантбек Имановдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизүүгө токтом кылынды", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, 2021-жылы 12-октябрда негизделген министрлер кабинетинин жаңы түзүмүнөн Санариптик өнүктүрүү министрлиги алып салынган. Ага чейин ведомствону Дастан Догоев жетектеп турган. 26-октябрда министрлик кайрадан негизделип, аны кайра Догоев жетектеп баштаган.
Мамлекеттик кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.12.2021
Президенттин маалымат саясатын жаңы жетекчи тескемей болду
Жаңылыктар түрмөгү
0