Кыргызстандан тонналап өзгөчө товар алган мамлекеттердин тизмеси чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековБазардагы эт сатуу. Архивдик сүрөт
Базардагы эт сатуу. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
Жазылуу
Быйыл ичеги-карын сатып алган өлкөлөрдүн катарына Египет кошулган.
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Ушул жылдын январь айынан октябрь айына чейин Кыргызстан 846,6 тонна ич эт экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин отчетунда жазылган.
Сыртка кеткен ичеги-карындын көлөмү жалпысынан 724,7 миң долларга бааланган.
Өзгөчө товар алган мамлекеттер:
Гонконг — (Кытайдын атайын административдик району) — 499,4 тонна;
Вьетнам —196 тонна;
Түркия —113,3 тонна;
Египет — 37,9 тонна.
Былтыркы жылдын 10 айында 1 054,1 тонна ич эт 800 миң долларга сыртка сатылган. Ошол учурда ичеги-карын алган мамлекеттердин арасында Грузия менен Мьянма да бар болчу. Бул жылы товар Египетке да жөнөтүлө баштады.
Минералдык суу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2021
Кыргызстандын минералдык суулары кайсы өлкөлөрдө ичилет. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0