Чимириле ээкке тээп. Кыргызстандык мушкерлердин жыл ичиндеги нокауттары

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын желегин жамынган мушкер. Архив
Кыргызстандын желегин жамынган мушкер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2021
Жазылуу
Кыргызстандан чыккан мушкер Рафаэль Физиевдин UFC Fight Night 199 турниринде атаандашы Брэд Ридделлди жыга тепкени "Жылдын мыкты нокауту" наамына көрсөтүлдү.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги узап бара жаткан жылда ММА спортунда кыргызстандык мушкерлердин атаандашын эстен тандырган мыкты нокауттарын топтоду.
20-февралда мушкер Алимардан Абдыкааров OPEN FC уюмунун Россиянын Самара шаарында өткөн гран-при мелдешинин чейрек финалында азербайжандык тажрыйбалуу атлет Эльнар Ибрагимовду жыга чаап уткан.
Абдыкааровдун сол колдоп урган соккусунан атаандашы нокаутка кеткен. Бул учурда ал Ибрагимовдун баш жагына сокку жаадырып, калыстын кийлигишүүсү менен беттеш токтотулган.
7-март. Кыргызстандык тай бокс чебери Шерзод Кабутов Muay Thai Super Champ мелдешинде таиланддык Жонгардам Цитнумной менен кез келип, аны нокаут менен жеңди.
Ал биринчи эле раундда атаандашын айланып ичке тээп, бүк түшүргөн. Кубаттуу тепкиден соң кулаган таиланддык мушкер өзүнө келе алган эмес.
28-май. Кыргыз мушкери Самат Абдырахманов Hardcore Fighting Championship (мээлейсиз, муштум менен урушкан) мелдешинин кезектеги этабында атаандашын нокаутка кетирип, жеңишке жетти.
Москвада аталган гран-при мелдешинин квалификациялык этабында Кыргыз каймана атты алып жүргөн Абдырахманов башкыртстандык Вячеслав Орловду сулата чаап уткан.
Абдырахманов июнь айында уюмдун кезектеги мелдешинде Лео каймана ысымдуу Анатолий Скрыпник менен кез келип, биринчи эле раундда эстен тандыра соккон.
12-июнь. Кыргызстандык мушкер Алтынбек Мамашов Absolute Championship Akhmat (ACA) уюмунун 2021-жылдын 11-июнундагы мелдешинде россиялык Василий Курочкинди укмуштуудай нокаутка кетирип жеңген. Беттештин экинчи раундунда россиялык спортчу алга умтулуп чабуул жасаганда Мамашов кубаттуу сокку урган. Атаандашы эсинен танган бойдон сулк кулаган.
Кыргызстандык мушкердин бул нокауту лиганын жарым жылдагы мыкты нокауту болуп табылган. Мамашов мындай ийгилиги үчүн уюмдан 5 000 доллар бонус алганы маалым.
4-октябрда Чеченстандын борбору Грозныйда өткөн ACA лигасынын кезектеги мелдешинде кыргызстандык спортчу Алтынбек Мамашов UFC уюмунун экс-мушкери, бразилиялык Элиас Сильвериону оор нокаутка учуратып жеңген.
Кыргыз атлети атаандашын кыйратуучу сокку менен сулата чапкан. Ээкке таамай тийген кубаттуу соккудан бразилиялыктын оозундагы тиш калканы (капа) ыргып кеткен.
5-ноябрь. Кыргызстандык мушкер Асылбек Рустамбек OPEN FC лигасынын мелдешинде атаандашын сулата тээп нокаутка кетирди.
Кыргыз мушкери жарым финалда россиялык Гусейн Халиков менен кез келген. Биринчи раундда анын жасаган high-kik (бутту бийикке сунуп тебүү) чабуулу атаандашынын башына таамай тийип, ал жерге кулаган.
12-ноябрда кыргызстандык тай бокс чебери Шерзод Кабутов Muay Thai Super Champ мелдешинде кезектеги беттешин да нокаут менен уткан. Төртүнчү раунддун акыркы мүнөттөрүндө атаандашын чимириле ичке тээп, бүк түшүрдү. Ал дем ала албай калып, жерге кулаган.
5-декабрь. UFC мушкери Рафаэль Физиев Лас-Вегаста өткөн UFC Fight Night 199 турниринде атаандашы Брэд Ридделлди жыга тээп жеңишке жетти.
Таймаштын үчүнчү раундуна чейин алар теңме-тең кармашып келе жаткан. Беттештин бүтөрүнө 2,5 мүнөттөй калганда Физиев айланып келип Ридделлди башка тээп жыккан. Видеодон анын кашы да жарылып кеткенин көрүүгө болот. Калыс шашкан тейде таймашты токтоткон.
Лучшие нокауты 2021 года в UFC — эффектная видеоподборка - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
Узап бараткан жылдагы UFC боюнча мыкты ирмемдер. Видеотоптом
Жаңылыктар түрмөгү
0