Бишкек мэриясы жерге техпаспорт убада кылган алдамчылар боюнча эскертти

© Sputnik / Акылбек БатырбековТурак үйлөр. Архив
Турак үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2021
Жазылуу
Бишкекте өзүм билемдик менен ээлеп алынган жерлерге 2021-жылдын 28-декабрына карата 362 техникалык паспорт берилген.
БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Жер тилкелерине техникалык паспортту жасаганга жардам берем деп акча сурагандарга алданбагыла, аны мыйзамдуу түрдө жасоо менен атайын мобилдик топ алектенет. Бул тууралуу мэрия жаңы конуштардын тургундарына эскертти.
"Техникалык паспортту акча алып жасап берем дегендерге ишенбеңиздер. Алар — алдамчылар. Документти жасоо менен мобилдик атайын топ иш алып барат. Алар алгач ошол жерге барып, изилдеп чыгып, андан соң техникалык паспортту берет. Шаардыктар Мамлекеттик каттоо кызматына аталган документти алуу үчүн арыз да калтырса болот", — деп айтылат маалыматта.
Бишкекте өзүм билемдик менен ээлеп алынган жерлерге 28-декабрга карата 362 техникалык паспорт берилген. Бул боюнча баш-аягы 1070 арыз кабыл алынса, 8 документтен баш тартылып, 596 техникалык паспорт даярдалган.
Эске салсак, мобилдик топ техпаспортторду 7-декабрдан тарта бере баштаган.
Техникалык паспорт — жерди менчиктештирүүгө укук бербейт. Ал жөн гана кыймылсыз мүлктүн техникалык абалы тууралуу маалыматты камтыган документ.
Мэрия эгерде жогоруда эскертилгендей мыйзамсыз фактылар кездешсе, дароо шаардык милициянын 0312 437175, 0312 437168 номерлерине чалып кабарлоону өтүндү.
Документти алууга керектүү кайсы кагаздарды топтоо керектигин шилтемеден билсе болот.
Талаада иштеген трактор. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
“Кадастр”: Бишкектеги ээлеп алынган жерлерге быйыл 211 техникалык паспорт берилди
Жаңылыктар түрмөгү
0