Баткенди коргоого ынтызар афган балдар. Кыргыз ССРине келген Кабул делегациясы
15:24 26.12.2021 (Жаңыртылды: 12:58 24.02.2022)
© Видео / "Кыргызфильм"
Жазылуу
"Кыргызфильм" киностудиясынын архивиндеги "А рядом шла война" аттуу даректүү тасманы колумнист Алмаз Батилов алып чыккан.
Фильмдин биринчи бөлүгү 1990-жылдын октябрында Кыргыз ССРинин расмий делегациясы Кабулга барганы жөнүндө айтылат. Ал эми экинчи бөлүгүндө 1991-жылы мартта Кант районуна (азыркы Ысык-Ата району) Афганистандын делегациясы келгени тууралуу баяндалат. Бул тасманы белгилүү оператор жана режиссер Мурат Жыргалбаев тарткан.
Афган делегациясын Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу кенже элчиси, Кыргыз ССРинин чет өлкөлөр менен достук жана маданий байланыштар коомунун президиумунун төрагасынын ошол маалдагы орун басары Сактанбек Кадыралиев коштоп жүргөн. Анын айтымында, афган делегациясы менен маданий жана соода-сатык тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.
"Андан кийин Кант районуна барганбыз. Ошол убакта СССР Афганистандын ажосу Мохаммад Наджибулланы колдочу. Афган делегациясын аталган райондун башчысы Мелисбек Беккоёнов тосуп алды. Ал Киргшёлк айылындагы балдар үйүндө 50гө жакын афгандык жетим бала тарбия алып жатканы тууралуу айтып берген. Жеткинчектер менен расмий Кабулдун өкүлдөрү жолугуп, маектешүү абдан үзүрлүү болгон. Тилекке каршы, бир аз убакыттан кийин Советтер Союзу урап, жогорудагы сүйлөшүүлөр ишке ашпай калды. 1992-жылы Наджибулланы афган куралдуу оппозициясы бийликтен алып түштү", — деп айтып берди дипломат.
Расмий Кабулдун Кант районунун Киргшёлк айылындагы балдар үйүнө барган учурун белгилүү оператор жана режиссер Мурат Жыргалбаев тарткан. Анын айтымында, алдын ала даярдалган сценарий жок болчу.
"Афганистандагы кандуу тирешүүнүн кесепетин өз көзүм менен көргөндүктөн, фильмдин сценарийинин текстин өзүм жаздым. Кабулда жүргөндө ал жакта каза болгон жердешибиз, лейтенант Канатбек Абдукаримовдун атасы Ахмат менен абдан ынак болдук. Афганистандагы жарандык согуштун трагедиясын көрсөткүм келди. Мага "Кыргызфильм" киностудиясынын белгилүү редактору Рудольф Чмонин менен атактуу кинорежисер Изя Герштейн аябай жардам берген. Текстти жазып бүткөн соң аны алып баруучуларга окутуш керек эле. Кокусунан "Кыргызфильм" киностудиясынын короосунан КР эл артисти Гүлсара Ажибекованы көрүп калып, андан текстти окуп берүүнү өтүндүм. Ажибекова тасманын көркүн ачты. Герштейн тасманы көрүп абдан жактырган. "Көптөр чет өлкөгө барганда жөн эле хроника тартып келет, Мурат Афганистан менен Кыргызстанды байланыштырып, мааниси терең толук даректүү тасма тартты" деген пикирин айткан эле", — деди Жыргалбаев.
Белгилей кетчү жагдай, 1989-жылдан баштап Афганистандын лидери Наджибулла тарапкерлери менен СССРдин жардамына таянып үч жыл моджахеддерге каршы күрөшкөн. Бирок 1991-жылы 15-ноябрда Советтер Союзунун тышкы иштер министри Борис Панкин расмий Кабулга аскердик көмөк көрсөтүүнү токтотуу тууралуу расмий келишимге кол койгон. Фрунзеде төрөлүп, СССРдин тышкы иштер ведомствосун төрт ай жетектеген бул дипломат мындай кадамы менен Наджибуллага чыккынчылык кылган. Анын аркасы менен Афганистандагы жарандык согуш дагы 30 жылга созулду.
Ал эми 1996-жылы сентябрда Пакистандын атайын кызматынын офицерлери "Талибан"* кыймылынын колу менен Афганистандын экс-президенти Мохаммад Наджибулла менен иниси Шахпур Ахмадзайды дарга асышкан.
1999-жылы Киргшелк айылындагы балдар үйүндө тарбияланган афган балдар Кыргызстандын ошол кездеги Миграция жана ишке орноштуруу комитетине кайрылып, коогалаң чыккан Баткенге жөнөтүүнү суранып кайрылган. Бул тууралуу комитеттин котормочусу Олимназар Набатов айтып берди. Балдар "биз бул жерде чоңойдук, кыргыз элинин көп жакшылыгын көрдүк, Кыргызстан биздин экинчи Ата Мекенибиз" деп өлкөнү коргоого ынтызар болушкан. Набатовдун айтымында, балдардын өтүнүчү канааттандырылган эмес, бирок алардын умтулуусу, чыныгы адамгерчиликтен кабар берген изги ою ыраазы кылган.
Буга чейин Sputnik блокадада калган Афганистанга жол ачкан Кыргыз ССРинин унутта калган кадамы тууралуу көлөмдүү материал даярдаган.
* — БУУнун санкциясындагы уюм