Кабулдагы кыргыздардын абалы оор. Афганистандан келген Шафажонун маеги

© Sputnik / Табылды КадырбековАфганистандык Шафажо-Мохаммад Рафи
Афганистандык Шафажо-Мохаммад Рафи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2021
Жазылуу
Афганистандык Шафажо-Мохаммад Рафи 13 жылдан бери Кыргызстанда жашап, жогорку билим алып, бала-бакыралуу болуп, бир жыл мурун жарандык алган.
Ал бир айдай кичи мекенинде жүрүп Бишкекке кайтып келди. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аны менен Афганистандагы учурдагы абал боюнча маек курду.
— Балалыгыңыз Афганистанда өтүп, кийин Кыргызстанда жашап калган экенсиз. Бул жактын жарандыгын качан алдыңыз?
— Мен Кабул шаарындагы белгилүү Истиклол мектебин бүтүргөм. Атам дарыгер, апам банкта иштеген. Башында Кыргызстандын каякта жайгашканын билчү эмесмин. 2006-жылы жогорку окуу жайга тапшырып Бишкекте окуп калдым. Бул жактан "Ала-Тоо" эл аралык университетинде, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында билим алгам. 2013-жылы үйлөнүп, Эл аралык мамилелер багыты боюнча Борбор Азия университетин окуп жүргөм. Бирок талибдер* бийликке келгенден кийин окууну токтотууга мажбур болдум. Анткени шашылыш түрдө Афганистандагы апам, карындашым, туугандарыма барып, жардам беришим керек болчу. Кыргызстандын жарандыгын өткөн жылы алдым.
© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуSputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы афганистандык Шафажо-Мохаммад Рафи менен Афганистандагы учурдагы абал боюнча маек курду
Афганец, работающий врачом в Бишкеке Мохаммад Рафи Шафажо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы афганистандык Шафажо-Мохаммад Рафи менен Афганистандагы учурдагы абал боюнча маек курду
— Азыр кичи мекениңизге учактар каттабай, чек аралар жабык турат дешүүдө. Кабулга кантип жеттиңиз?
— Келинчегим менен убактылуу жашап жаткан Краснодардан Украинанын Житомир шаарына жетип Стамбулга учкам. Бирок ал жакта Кабулга түз аба каттамы жок болгондуктан кайра Краснодарга учуп келип бир айдай жүрдүм. Андан соң Өзбекстандын Бухарасына учуп барып автоунаа менен чек арага жетип, андан ары жөө кеттим. Азыр көпчүлүк афганистандыктар өлкөдөн чыгып кетүү аракетин көрүп жатат, аларды жолдон кезиктирдим. Андан ары Мазари-Шариф аркылуу эптеп Кабулга жеттим. Учурдан пайдаланып Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине, Россиянын Коргоо министрлигине ыраазычылык билдирем. Алардын аракети менен Афганистандан аман-эсен эвакуацияланып чыгып кете алдым. Анткени ал жакта абал оор. Жалгыз мен үчүн россиялык учкучтар Кыргызстанга конуп, көздөгөн жериме жеткиришти.
— Ал каттамда кыргызстандыктардан сиз жалгыз болгон экенсиз, эвакуациялоо иши алдын ала кабарланды беле?
— Ооба. Россиялык учак КМШ өлкөлөрүнүн жарандарын алып чыгып кетет деген маалымат берилген. Мен тизмеге кошулуп кетүүгө колдон келишинче аракет кылдым. Каттамдын ичинде Кыргызстандан мен жалгыз болдум. Ичинде жүздөгөн жүргүнчүсү бар учак мен үчүн атайын Кантка конду. Учурдан пайдаланып ыраазычылык билдирем.
— Учурда Афганистанда, Кабул шаарында абал кандай?
— Ушу тапта мамлекеттик органдар толук кандуу иштеген жок, натыйжада экономикалык көйгөйлөр көбөйүүдө. Азыр банкоматка кезекке турсаңыз, акчаны бир күндөн кийин ала аласыз. Анда дагы 25 миң сомдон көп акча берилбейт. Ишкерлердин көпчүлүгүнүн топтогон акчасы банкта сакталгандыктан көпчүлүгү ала албай жатат. Эл ачка, азык-түлүк жетишсиз болууда. Мындан улам жергиликтүү тургундар 100 доллар үчүн колуна курал алып согушууга даяр болуп калды. Иштегенге жумушу жок, тамак-аш тартыш. Жегенге жөнөкөй эле нан, күрүч жок. Элдин ачарчылыкта калуу коркунучу күч. Коопсуздук жагын айтсам, шаарда күнүгө терактылар катталууда. Мен жолуктурган талибдердин* сүйлөгөн сөзүнөн эле каяктан экенин байкап жүрдүм, көпчүлүгү пакистандык пуштулар экен. Көчөдө экиден болуп куралчан жүрүшөт. Кабулдун өзүндө абал тынч эмес. Бир нече күн мурун элчиликтин жанында жүргөндө теракт болду. 150 метр алыстыкта токтотулган автоунаа жарылып, катуу чыккан үнүнөн кулагым эки-үч күн ооруп жүрдү. Ага чейин базардагы жардырууга да күбө болгом. Экөөндө тең мени кудай чоң сактады.
© Sputnik / Табылды КадырбековШафажо-Мохаммад Рафи: көпчүлүгү тынчсыздангандыктан үй-жайын таштап чет өлкөгө кетип жатышат. Менин тааныштарымдын көбү сыртка чыгып кетишти
Афганец, работающий врачом в Бишкеке Мохаммад Рафи Шафажо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Шафажо-Мохаммад Рафи: көпчүлүгү тынчсыздангандыктан үй-жайын таштап чет өлкөгө кетип жатышат. Менин тааныштарымдын көбү сыртка чыгып кетишти
— Эл аралык басылмалар качкындар санынын көбөйгөндүгүн жазышууда, жергиликтүүлөр талибдерди* кандай кабыл алып жатат?
— Көпчүлүгү тынчсыздангандыктан үй-жайын таштап чет өлкөгө кетип жатышат. Менин тааныштарымдын көбү сыртка чыгып кетишти. Өлкөнүн ичинде качкындар көбөйдү. Бардыгы эле чет мамлекетке кеткиси келгендиктен кошумча көйгөй пайда болууда. Авиабилет, виза өтө кымбаттап кетти. Азыр коңшу Пакистанга 900, Иранга 600 доллар менен учууга болот. Сырткары чыкканга паспорт жасатууга кезек күткөндөрдүн саны арбып, анын акысы 700 долларга чейин жогорулап кетти. Эки жума мурун апама Түркияга виза алып, иним экөөнү Стамбулга учуруп жибердик. Билети эле 900 доллар болду. Карындашым үч кызы жана жолдошу менен Кабулда калды.
Экинчи мусулман батальонунун жоокерлери Фарьяб аймагында. Түндүк Афганистан, 1981-жыл - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2021
"14-кылымдан, аркы дүйнөдөн кайттык..." Панжшерде кан кечкен экинчи мусулман батальону
Талибдерге* эл ишенип жатат деп айта албайм, азыр кыздарды 6-класстан кийин окутпай жатышат. Ооруканада аялдар гинеколог, педиатр болуп гана иштей алат. Алар аябай сабатсыз экен, чек арадагы өткөрүү пунктунда отурган талибдер* жөнөкөй эле паспортко мөөр койгонду билбегенин көргөндө таң калдым. Кийин Кабулдун ортосунда жол тыгынын жаратып көчөнүн ортосунда аскердик унаа токтоп турганын көрүп калдым. Аны кайтарган талибдин* жанына барып "аскердик техника бул жакта эмнеге токтоп турат" десем, айдагандан, аны чукулагандан коркуп жатабыз дейт. "Туура эмес жерин басып алсак жарылып кетсе эмне кылабыз" деди.
— Мамлекеттик органдар, социалдык мекемелер иштеп жатабы?
— Мектеп, оорукана, мамлекеттик органдарда иштегендерге бир нече айдан бери айлык берилбегендиктен алар жумуштан кетти. Жалпылап айтканда, алар оңгулуктуу деле иштеген жок. Министрликке барсаң ичинде бир-эки киши эле отурган болот. Мурун иштегендерди талибдер жумушка чакырып көрүшүптүр, бирок ал кызматкерлер коркуп келбей коюшуптур. Кабулда бир айдай жүрүп келдим. Бир күндө жок дегенде бир теракт катталууда.
© Sputnik / Шабдан Абылгазы уулуШафажо-Мохаммад Рафи: мурун иштегендерди талибдер жумушка чакырып көрүшүптүр, бирок ал кызматкерлер коркуп келбей коюшуптур. Кабулда бир айдай жүрүп келдим. Бир күндө жок дегенде бир теракт катталууда
Афганец, работающий врачом в Бишкеке Мохаммад Рафи Шафажо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Шафажо-Мохаммад Рафи: мурун иштегендерди талибдер жумушка чакырып көрүшүптүр, бирок ал кызматкерлер коркуп келбей коюшуптур. Кабулда бир айдай жүрүп келдим. Бир күндө жок дегенде бир теракт катталууда
— Афганистандагы кыргыздардан кабарыңыз жокпу? Аларга Кабулдан кезиге алган жоксузбу?
— Кабулда жалданып жумушта иштеп курсагын тойгузууга аракет кылган кыргыздарга кезиктим. Алар менен сүйлөшсөм "курсакты тойгузсаң акысыз эле иштеп берем, акчаңдын деле кереги жок" дешти. Ал эми Памирде суук болгондуктан көбү ылдый түшкөн жок. Кээде мал сатканы жакага түшүп калышат экен. Мен Кабулдан бир-эки кыргызды көрүп калдым. Алар мал сатканы, дарыгерлерге көрүнгөнү, дары-дармек алганы келиптир. Бирок Афганистанда ак халатчандардын көбү качып кеткендиктен кимге кайрылууну билбей жатышат. Ошондуктан азыр Памирдеги кыргыздар оор абалда, жардамга муктаж болуп турган учуру. Тоолуу Бадахшанда дарыгер болуп иштеген таанышым "ооруган кыргыздар бизге келип жатышат" дейт. Эгер кызыкдар тарап болсо, Памирдеги кыргыздарга барып медициналык жардам бергим келет. Себеби ал аймакты, тилин жакшы билем, Алар азыр медициналык жардамга өтө муктаж болуп жатат.
— Кыргызстан сиздин экинчи мекениңиз болуп калган экен да.
— Кыргызстанда жакшы, көчөдө ээн-эркин, кооптонбой жүрө аласың. Россияда жүргөндө каяктансың деп сураганда Кыргызстандан деп жооп берем. Анткени Бишкекке 17 жашымда келип, 13 жылдан бери ушул жактамын. Үйлөнүп, эки кыз, үч уулдуу болдум. Афганистанга барганда өзүмдү мекенимде жүргөндөй сезбейм. Кыргызстанга келгенде өз жеримде жүргөндөй болом. Афганистанда кечки сегизден кийин көчөгө чыга албайсың. Кээде түнү бою атышуу болуп уктай албай чыгасың. Америкалыктар афганистандыктарды канча жыл талибдерге* каршы согуштуруп кетип калышты. Эми алардын саясатынын кесепетин эл тартып жатат.
* – Террордук иштери үчүн БУУнун санкциясына алынган уюм.
Жаңылыктар түрмөгү
0