Ош: качкан мас айдоочу, сүзүлгөн автоунаалар, асманга атылган ок. Окуянын видеосу

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота сотрудников патрульной милиции в КР
Работа сотрудников патрульной милиции в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.12.2021
Жазылуу
Жазык процессуалдык кодексинин 97-беренесине ылайык, айдоочу 48 саатка убактылуу кармоо жайына киргизилген.
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Ош калаасында мас болуп рулга отуруп, бир нече автоунааны сүзгөн айдоочуну милиция курал пайдаланып токтотту. Бул тууралуу Ош ШИИБдин маалымат кызматынан кабарлады.
Окуя 25-декабрга караган түнү саат 02:00 чамасында болгон. Анда Ош шаардык милициянын кайгуул кызматы рейд жүргүзүп жаткан учурда RENOL үлгүсүндөгү автоунаанын каршы тилке менен келе жаткандыгын байкашкан.
"Милиция айдоочудан автоунааны токтотууну талап кылганына карабай жолун улаган. Осмонов-Мамыров көчөлөрүнүн кесилишиндеги айлампага келгенде айдоочу кайгуул кызматтын атайын автоунаасын сүзүп, андан соң алардан качып баратып Касымбеков-Раззаков көчөсүнүн кесилишинде токтоп турган ВАЗ 2106 үлгүсүндөгү автокөлүктү сүзгөн. Булар кылыгынан кийин жолдо токтоп турган НОWО үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаага барып урунган", — деп айтылат маалыматта.
Айдоочуну токтотуу максатында милиция эки ирет асманга ок чыгарган. Кармалгандан кийин анын мас болуп, руль башкарганы аныкталган.
"Ал Кара-Суу районунун тургуну, оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу болуп иштейт. Бул жагдай боюнча Ош ШИИБ Эреже бузуулар кодексинин алты беренеси боюнча административдик протоколдор түзүлдү. Ошондой эле Жазык процессуалдык кодексинин 97-беренесинин негизинде айдоочу 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди", —деп жазылат билдирмеде.
Учурда тергөө иштери уланып жатканы кабарланды.
Патрулдук милициянын унаасы  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.12.2021
Патрулдук милициянын беш унаасы жолтандабасты кууп жүрүп кармады. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0