https://sputnik.kg/20211223/kyrgyzstan-russia-ehksport-import-sooda-1060665107.html
Кыргызстан менен Россиянын товар айлантуусу дээрлик 40 пайызга өстү
Кыргызстан менен Россиянын товар айлантуусу дээрлик 40 пайызга өстү
Sputnik Кыргызстан
Россияга кыргыз товарларын импорттоонун көлөмү 10 ай ичинде 0,263 миллиард доллар болсо, Россиядан Кыргызстанга жөнөтүлгөн товарлардыкы 1,662 миллиард долларга... 23.12.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-12-23T13:06+0600
2021-12-23T13:06+0600
2021-12-23T13:07+0600
пресс-борбор
кыргызстан
экономика
экспорт
импорт
товар
россия
https://sputnik.kg/img/104382/86/1043828673_0:0:2480:1395_1920x0_80_0_0_c22bda3d885300a875b0513e5249d582.jpg
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Россия менен Кыргызстандын ортосундагы товар айлануунун суммасы үстүбүздөгү жылдын 10 айында 1,925 миллиард долларга жетип, өткөн жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 38,8 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифинг учурунда Россиянын Кыргызстандагы өкүлү Валерий Латыпов билдирди.Анын айтымында, Кыргызстан менен Россиянын соода өкүлчүлүктөрүнүн жардамы менен жалпы суммасы 59,3 миллион долларлык 19 келишим түзүлгөн."Биз Россияда өндүрүлгөн товарларды Кыргызстанда чогултуу жагын колдойбуз. Мисалы, азыр бульдозер чыгарган ЧЕТРА компаниясынын филиалын ачуу боюнча иштер жүрүп жатат. Ошондой эле газ менен иштеген автобустарды НЕФАЗ компаниясы менен ("КамАЗ" компаниясынын тобуна кирген ишкана) сүйлөшүүлөр болуп жатат", — деди Латыпов.Ал кошумчалагандай, 2022-жылга Бишкекте россиялык ишкерлердин катышуусу менен ар кандай иш-чаралар пландалган.
https://sputnik.kg/20211223/dujnoluk-ehkonomika-pandemiya-kesepet-1060659316.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104382/86/1043828673_253:0:2341:1566_1920x0_80_0_0_8a710bf730ac08c1400862406f0ed48d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, экономика, экспорт, импорт, товар, россия
кыргызстан, экономика, экспорт, импорт, товар, россия
Кыргызстан менен Россиянын товар айлантуусу дээрлик 40 пайызга өстү
13:06 23.12.2021 (Жаңыртылды: 13:07 23.12.2021) Россияга кыргыз товарларын импорттоонун көлөмү 10 ай ичинде 0,263 миллиард доллар болсо, Россиядан Кыргызстанга жөнөтүлгөн товарлардыкы 1,662 миллиард долларга жетти.
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Россия менен Кыргызстандын ортосундагы товар айлануунун суммасы үстүбүздөгү жылдын 10 айында 1,925 миллиард долларга жетип, өткөн жылдын ушул учуруна салыштырмалуу 38,8 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифинг учурунда Россиянын Кыргызстандагы өкүлү Валерий Латыпов билдирди.
"Россия Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү позициясын кармап, Кытай менен Казакстанды артта калтырууда. Россияга кыргыз товарларын импорттоонун көлөмү 10 ай ичинде 0,263 миллиард доллар болсо, Россиядан Кыргызстанга жөнөтүлгөн товарлардыкы 1,662 миллиард долларга жетти", — деди Латыпов.
Анын айтымында, Кыргызстан менен Россиянын соода өкүлчүлүктөрүнүн жардамы менен жалпы суммасы 59,3 миллион долларлык 19 келишим түзүлгөн.
"Биз Россияда өндүрүлгөн товарларды Кыргызстанда чогултуу жагын колдойбуз. Мисалы, азыр бульдозер чыгарган ЧЕТРА компаниясынын филиалын ачуу боюнча иштер жүрүп жатат. Ошондой эле газ менен иштеген автобустарды НЕФАЗ компаниясы менен ("КамАЗ" компаниясынын тобуна кирген ишкана) сүйлөшүүлөр болуп жатат", — деди Латыпов.
Ал кошумчалагандай, 2022-жылга Бишкекте россиялык ишкерлердин катышуусу менен ар кандай иш-чаралар пландалган.
23 Бештин айы 2021, 10:16