Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБалбандар беттеш учурунда. Архив
Балбандар беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жазылуу
Күрөштүн эркин жана грек-рим түрлөрү боюнча республика биринчилиги 12-16-январга белгиленген.
БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. 2022-жылдын январь айында спорттук күрөштүн (эркин жана грек-рим) түрлөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Күрөш федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
Өлкөнүн эркин күрөш боюнча мыкты балбандарын аныктаган мелдеш 12-14-январь күндөрү болот. Анда 10 салмак боюнча чемпиондор аныкталмакчы.
12-январда чүчү кулак тартылып, 13-январда 57, 65, 74, 86 жана 97 килограмм салмактагы балбандар килемге чыгат. 61, 70, 79, 92 жана 125 килограмм салмактагы атлеттер 14үндө ат салышат.
Ал эми 15-16-январда грек-рим күрөшүнүн чеберлери мелдешет.
14үндө чүчү кулак тартылып, 15-январда 55, 63, 72, 82 жана 97 килограмм салмактагы спортчулар таймашка чыгышат. Ал эми 16-январда 60, 67, 77, 87 жана эң оор 130 килограмм салмактагы балбандар күрөшөт.
Өлкө биринчилигине арналган турнир Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтөт. Таймаштар саат 11:00дө башталат.
Мелдештин жыйынтыгы менен Азия жана дүйнө чемпионаттарына бара турган улуттук команда куралат.
Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбековду жана молдовалык Виктор Чобану - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.12.2021
Бүйүр кызыткан беттеш болсун! Жоламандын эзелки атаандашы Чобану чакырык таштады
Жаңылыктар түрмөгү
0