Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ибраев: ЕАЭБдин ичинде көптөгөн көйгөйлөрдү чечүү зарыл

© Sputnik / Табылды КадырбековЕвразиялык интеграциялык изилдөө жана коммуникация борбору кеңешинин төрагасы Данил Ибраев
Евразиялык интеграциялык изилдөө жана коммуникация борбору кеңешинин төрагасы Данил Ибраев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жазылуу
Евразиялык интеграциялык изилдөө жана коммуникация борбору кеңешинин төрагасы Данил Ибраев ЕАЭБдин потенциалы толук ачыла электигин белгиледи.
ЕАЭБдин ичинде көптөгөн көйгөйлөрдү чечүү зарыл. Анткени айрым учурларда уюмдун эрежелерине туура келбеген тоскоолдуктар кездешүүдө. Бул тууралуу Данил Ибраев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Ибраев: ЕАЭБдин ичинде көптөгөн көйгөйлөрдү чечүү зарыл
Анын айтымында, буга бир катар мыйзам ченемдүү себептерди санап өтсө болот.
"Кыргызстан ЕАЭБге кирип жатканда кызуу талкуулар болгон. Учурунда уюмга кирип жатканда жумушчу топтун жетекчиси элем, бизнес менен мамлекеттик органдардын бирдиктүү иш алып баруусу үчүн бир топ аракет жасалган. Ошол эле убакта ЕАЭБдин мүмкүнчүлүгү толук колдонулбай жатат. Уюмдун ичинде ар кандай тоскоолдуктар бар, буга утурлай эле Кыргызстан өз кызыкчылыктарын толук коргой албай келүүдө. Учурда пандемиядан улам экономикалык абал начар. Буга байланыштуу чек аралар катуу көзөмөлгө алынып, логистика жаатында тоскоолдуктар бар. Албетте, бул көйгөйлөрдүн келип чыгуусун мыйзам ченемдүү себептер менен түшүндүрсө болот. Ошол эле учурда ЕАЭБдин эрежелерине туура келбеген тоскоолдуктар дагы кездешүүдө. Маселен логистикалык көйгөйлөргө ишкерлер документтерин туура эмес жасап алганы да себеп. Ошол учурда эле айрым өлкөлөрдүн көзөмөл жүргүзгөн органдары каттуу талап менен карап жатканы байкалууда. Бул багытта уюмга мүчө өлкөлөр көптөгөн көйгөйлөрдү талкуулап чечүүсү зарыл", — деди Ибраев.
Ошондой эле ал мигранттардын акча которуусу боюнча да кыйынчылыктар болуп жатканын кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0