УКМК аткаминерлер аралашкан чуулуу иш боюнча дагы бир шектүүнү кармады

© AFP / THOMAS FREYКишенделген жаран. Архив
Кишенделген жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Жазылуу
Буга чейин аталган кылмыш ишине тиешеси бар делип Нариман айыл өкмөтүнүн Н.Х. аттуу башчысы жана Кара-Суу районунун "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчилери колго түшүрүлгөн.
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы айыл чарба жерлерин жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча шектүү катары И.Г. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Аталган факт боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 10-декабрь күнү И.Г. аттуу жаран кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
"Ишке тиешеси бар башка адамдын жашаган, иштеген жерлерине тинтүү жүргүзүлүп, миңден ашык жер тилкесине (үлүшкө) жеке менчик жөнүндө күбөлүктөрдүн жаңы бланкалары, паспорттун көчүрмөлөрү, мыйзамсыз өзгөртүлгөн айыл чарба жерлеринин расмий жана азыркы ээлеринин тизмелери табылды", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Эске салсак, бул факт боюнча Нариман айыл өкмөтүнүн Н.Х. аттуу башчысы жана анын М.С. аттуу шериги кармалган. Ошондой эле Кара-Суу районунун "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын мурдагы жетекчисинин милдетин аткаруучу Б.Б., 2015-2018-жылдар аралыгында башчы болуп иштеген Ш.С. аттуу адамдар колго түшүрүлгөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0