https://sputnik.kg/20211214/kyrgyzstan-ehkonomika-kabylyna-kele-zhetet-1054961478.html
Статком: ишканалар пандемияга чейинки деңгээлине кайтып келе жатат
Статком: ишканалар пандемияга чейинки деңгээлине кайтып келе жатат
Sputnik Кыргызстан
Олуттуу өсүүлөр соода, тамак-аш азыктарын, анын ичинде суусундуктарды өндүрүү, транспорт ишмердиги, жүк сактоо, курулуш сыяктуу тармактарда байкалды. 14.12.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-12-14T08:48+0600
2021-12-14T08:48+0600
2021-12-22T23:17+0600
жаңылыктар
кыргызстан
экономика
ишкана
киреше
чыгым
пандемия
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/0d/1054961632_0:159:3076:1889_1920x0_80_0_0_d47920f01590b150a2f3e742146f9618.jpg
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Быйылкы жылдын тогуз айында өлкөдөгү ишканалардын басымдуу бөлүгүнүн дүң кирешеси көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.Олуттуу өсүүлөр соода, тамак-аш азыктарын, анын ичинде суусундуктарды өндүрүү, транспорт ишмердиги, жүк сактоо, курулуш, металл эмес минералдык продуктуларды өндүрүү, пайдалуу кендерди казуу, маалымат, байланыш, ошондой эле электр энергиясы жана газ менен камсыздоо тармактарында байкалды.Ошол эле учурда ишканалардын 21 пайызы чыгым тартышканы кошумчаланды.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/0d/1054961632_174:0:2903:2047_1920x0_80_0_0_741172cb2223aeba8807bd370b27a31b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, ишкана, киреше, чыгым, пандемия
жаңылыктар, кыргызстан, экономика, ишкана, киреше, чыгым, пандемия
Статком: ишканалар пандемияга чейинки деңгээлине кайтып келе жатат
08:48 14.12.2021 (Жаңыртылды: 23:17 22.12.2021) Олуттуу өсүүлөр соода, тамак-аш азыктарын, анын ичинде суусундуктарды өндүрүү, транспорт ишмердиги, жүк сактоо, курулуш сыяктуу тармактарда байкалды.
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Быйылкы жылдын тогуз айында өлкөдөгү ишканалардын басымдуу бөлүгүнүн дүң кирешеси көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Олуттуу өсүүлөр соода, тамак-аш азыктарын, анын ичинде суусундуктарды өндүрүү, транспорт ишмердиги, жүк сактоо, курулуш, металл эмес минералдык продуктуларды өндүрүү, пайдалуу кендерди казуу, маалымат, байланыш, ошондой эле электр энергиясы жана газ менен камсыздоо тармактарында байкалды.
"Быйылкы жылдын январ-сентябрь айларынын жыйынтыгы менен экономиканын реалдуу сектору оң жакка сальдолоштурулуп, ишканалар мындан 60 миллиард сом пайда көрдү. Бул 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда пайда 35 эсеге өстү дегенди түшүндүрөт. Демек, ишканалар акырындык менен калыбына келип, пандемияга чейинки деңгээлге кайтуу жолунда", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошол эле учурда ишканалардын 21 пайызы чыгым тартышканы кошумчаланды.