Жайында Токтогулдан Казакстанга суу коё берилген. Энергохолдинг эмне дейт

© Sputnik / Жоомарт УраимовТоктогул суу сактагычы. Архив
Токтогул суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.12.2021
Жазылуу
Кыргыз өкмөтү быйыл Токтогул суу сактагычында суу тартыш болгондуктан энергетикалык кризис жаралганын айтып келет.
БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Бүгүн казак өкмөтүнүн сайтында Кыргызстан Токтогул суу сактагычынан Казакстанга суу коё бергени тууралуу маалымат жарыяланды.
Пресс-релизде коңшу өлкөнүн премьер-министри Аскар Мамин менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жолугушуусунун жыйынтыгы тууралуу жазылган. Анда Мамин эки өлкөнүн суу-энергетика тармагындагы кызматташтыгына жогорку баа берип, Сырдарья, Шу (Чу) жана Талас транс чек аралык дарыяларындагы суу ресурстарын жөнгө салуу боюнча биргелешкен ыкчам чаралар кабыл алынганын белгилеген.
"Кыргыз тараптан Токтогул суу сактагычынан кошумча суу коё берилиши Казакстандын түштүк регионундагы кургакчылыкка кептелген талааларда дыйкандардын керектөөсүн камсыздоого шарт түздү", — деп ыраазычылык айткан Мамин.
Бул социалдык тармактарда нааразычылык жаратууда. Себеби кыргыз өкмөтү быйыл Токтогул суу сактагычында суу тартыш болгондуктан энергетикалык кризис жаралганын айтып келет.
Ал арада Улуттук энергохолдинг ишканасы билдирүү таратып, суу казак тарапка келишимдин негизинде берилгенин маалымдады.
"Токтогул суу сактагычындагы суу ресурстарын сактоо жана суунун деңгээли төмөндөп кетишине жол бербөө үчүн Казакстандын ыйгарым укуктуу энергетикалык компаниясы менен үстүбүздөгү жылдын март айында келишим түзүлгөн. Ага ылайык, жайында ГЭСтен суу коё берилип, кыш мезгилинде ал электр энергия түрүндө кайтарылды", — деп жазылган билдирүүдө.
Улуттук энергохолдинг суу канча көлөмдө берилгени жана кошумча дагы коё берилип-берилбегени тууралуу айткан эмес.
Нарын дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2021
Кыргызстан Казакстанга эмнеге кошумча суу берип жатат? Түшүндүрмө
Ал эми "Электр станциялары" коому менен Казакстандын ыйгарым укуктуу энергетикалык компаниясы 900 миллион киловатт-саат электр тогун 2021-2023-жылдары июнь-август айларында кайтарып алуу боюнча келишим түзгөнү белгиленген.
Энергохолдинг 8-декабрга карата Казакстандан 616,4 миллион киловатт-саат электр кубаты алынганын жазды.
Белгилей кетсек, Акылбек Жапаров учурда Нур-Султанда жумушчу сапар менен жүрөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0