Күн дагы жылыйбы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековПогода в Бишкеке
Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2021
Жазылуу
11-декабрга чейин айрым аймактарда күндүн табы 10 градустан ашат. Бирок маал-маалы менен тоолуу жерлерде жаан, кар жаап турат.
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, дээрлик бардык аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй облусу

5-декабрда күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 7-декабрда күндүз жаан-чачынсыз болот. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. 9-декабрда эртең менен жана күндүз кээ бир райондордо кар жаайт. 10-11-декабрда жаан-чачынсыз болору божомолдонууда.

Талас облусу

5-декабрдан тарта 11-декабрга чейин күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Анткен менен жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Республиканын түштүгүндөгү аймактарда аба ырайы бирдей. 5-7-декабрь күндөрү жаан-чачынсыз болот. Анткен менен тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

8-декабрда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Эртеси күнү кээ бир райондордо кар себелери божомолдонууда. 10-11-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ысык-Көл, Нарын облустары

Бул облустарда 5-6-декабрда жаан-чачын болбойт. 7-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаап, күндүз кайра ачылып кетет. 9-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Кар учурунда көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2021
12 градуска чейин жылыйт. Декабрга карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0