Жума күнгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек после сильного снегопада
Бишкек после сильного снегопада - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2021
Жазылуу
3-декабрда республиканын дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жума күнү өлкөнүн тоолуу райондорунда жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +14…+19, Таласта +13…+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +15…+20, Ысык-Көл өрөөнүндө +5…+10, Нарын чөлкөмүндө -1…+4 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбордо +17…+19, Ош калаасында +16…+18 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0