Шайлоо-2021: бир мандаттуу округ боюнча кол менен саноонун алдын ала жыйынтыгы

Жазылуу
28-ноябрь күнү Кыргызстанда парламенттик шайлоо болуп өттү. Бир мандаттуу округ боюнча добуштарды кол менен саноодогу алдын ала жыйынтыкты Sputnik даярдаган инфографикадан көрүңүз.

Бир мандаттуу округ боюнча ЖКга шайлоонун алдын ала жыйынтыгын (кол менен саноо) БШК жарыялады, бирок бул шайлоонун расмий жыйынтыгы деп эсептелбейт.

Буга чейин БШК бир мандаттуу округдар боюнча алдын ала жыйынтыкты АСУнун эсебине таянуу менен жарыялаган.

Шайлоонун жыйынтыгын эсептөө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы качан белгилүү болот
Эске салсак, шайлоо жаңы эреже менен өттү. Эми парламентке 54 депутат партия тизмеси менен, 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдан шайланып келет.

Кыргызстанда бардыгы 36 бир мандаттуу округ бар. Анын ар биринен бирден гана талапкер жеңүүчү болот. Жыйынтыкты чыгарууда баарынан көп добуш алган талапкер жеңүүчү деп табылат. Эгер бир нече депутат бирдей добуш алып калса, БШКга каттоо үчүн документтерди мурда тапшырган талапкерге артыкчылык берилет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0