Сокулук округунун эң көп добуш алган талапкер

© SputnikСокулук округу
Сокулук округу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2021
Жазылуу
Бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана алдын ала жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке шайлоодо бир мандаттуу округ боюнча АСУ эсептеген жыйынтыкты жарыялады. 
Анын ичинен Чүй облусундагы №24 Сокулук шайлоо округунун шайлоочуларынын добушунун 19,28 пайызын алган Аманкан Кенжебаев алдыда.
№24 округдагы шайлоочулардын саны — 99 755. Ага Сокулук районунун Шопоков шаары, Орок, Күн-Туу, Кызыл-Туу, Новопавловка, Военно-Антоновка, Фрунзе, Гавриловка, Сокулук, Кайназарова, Крупская, Төш-Булак, Асылбаш, Саз айыл аймактары кирет.
Белгилей кетсек, бул АСУнун (автоматтык эсептөө урнасынын) гана жыйынтыгы. Эми БШК добуштарды кол менен эсептейт. Жогорку Кеңешке шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин маалым болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0