Бишкектин мектептери аралыктан окутууга өттүбү? Вице-мэрдин жообу

© AFP / JUNG YEON-JEМугалим мектепте онлайн сабак өткөрүп жатат. Архив
Мугалим мектепте онлайн сабак өткөрүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Жазылуу
Вице-мэрдин айтымында, шайлоонун эртеси дарыгердин сунуштамасы боюнча мектеп имаратына дезинфекция жасалышы керек.
БИШКЕК, 25-ноя. – Sputnik. Соцтармактарда шайлоо комиссиялары парламенттик шайлоого даярданып жаткандыктан мектептер онлайн окутуу форматына өтүп жатканы боюнча маалымат тарады.
Белгилүү болгондой, көпчүлүк участкалык шайлоо комиссиялары орто мектептердин аймагында жайгашкан. Бирок Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева борбор калаанын мектептери онлайн окутууга өтөт деген маалыматты четке какты.
"Бул туура эмес маалымат. Мектеп окуучулары 29-ноябрда гана аралыктан окуйт. Анткени шайлоонун эртеси дарыгердин сунуштамасы боюнча имаратка дезинфекция жасалышы керек. Калган күндөрү кадимки тартипте, мектептен билим бериле баштайт. Себеби сасык тумоо жана коронавирус боюнча абал туруктуу", — деди вице-мэр.
Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо ушул жекшемби күнү, 28-ноябрда, өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0