Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүКар учурунда кол чатыр менен аял
Кар учурунда кол чатыр менен аял - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.11.2021
Жазылуу
17-ноябрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Шейшембиде күндүз Ысык-Көлдөн башка облустардын көпчүлүк аймактарында жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшүшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөнүндө +3...+8, Ысык-Көл, Нарын жергесинде +4...+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5...+10 градус болору айтылды.
Термометр Бишкекте +6...+8, Ош калаасында +8...+10 градусту көрсөтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0