Жолдошова Жылдызкан Айтибаевна — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЭкс-депутат ЖК Жылдызкан Жолдошова
Экс-депутат ЖК Жылдызкан Жолдошова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2021
Жазылуу
Жылдызкан Жолдошова Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылында 1960-жылы 2-март күнү туулган.
Билими:
  • 1979-жылы Фрунзе шаарындагы жол куруу техникумунан техник-куруучу кесибин алган;
  • 1991-жылы Фрунзе шаарындагы политехникалык институтунан инженер-куруучу кесибине ээ болуп, ЖОЖду аяктаган.
Эмгек жолу:
  • 1979-1979 — Ош шаарынын СМУТТ мекемесинде инженер;
  • 1979-1980 — "Памирский Тракт" башкармалыгында инженер,
  • 1982-1983 — Эстониянын Выру шаарында "Лина" мекемесинде инженер, башкарма;
  • 1983-1984 — Эстониянын Выру шаарындагы Мамлекеттик банкта курулуш боюнча инспектор;
  • 1984-1985 — Бишкек шаарынын аткаруу комитетине караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгында ага инженер;
  • 1985-1990 — Министрлер кеңешинин алдындагы эс алуу жайынын жетекчиси;
  • 1991-1993 — Чүй облустук кеңешинде капиталдык курулуш боюнча адиси;
  • 1993-1996  —  Бишкек шаарынын Биринчи май районунун жетекчисинин орун басары;
  • 1996-1998 — Жалал-Абад облусунун губернаторунун орун басары;
  • 1998-2001 —  КРдин Мамлекеттик мүлк фондунда бөлүм башчысы;
  • 2001-2010 — "Курманжан датка" фондунун төрайымы;
  • 2005-2008  — КРдин Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
  • 2010-2015 — ЖК депутаты, Билим, илим жана маданият комитетинин төрайымы, Эл аралык мамилелер комитетинин төрагасынын орун басары.
Үй-бүлөлүү, эки уулдун энеси.
Жаңылыктар түрмөгү
0