Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Канатбеков: жылуулукту үнөмдөөчү жабдыктар чыгымды азайтат

© Sputnik / Асель СыдыковаИнженер Айдар Канатбеков
Инженер Айдар Канатбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2021
Жазылуу
Инженер Айдар Канатбеков үйдү жылытуунун альтернативдүү түрлөрү жана жылуулукту үнөмдөөчү жабдыктар тууралуу айтып берди.
Аба рекуператорлору — заманбап желдетүүчү системалардын энергияны үнөмдөөчү компоненттери. Мындай жабдыкты орнотуу менен адам чыгымын үнөмдөй алат. Учурда жаңы же реконструкцияланган чоң имаратты таза аба менен толук камсыз кылуу үчүн вентиляция системаларын орнотуу керек. Бул тууралуу Айдар Канатбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Канатбеков: жылуулукту үнөмдөөчү жабдыктар чыгымды азайтат
Анын айтымында, туура желдетилбеген үйдүн ичи тердеп, көк басат.
"Жылууланган үй энергоэффективдүү болуп саналат. Бирок бөлмөлөр туура желдетилбесе кышкысын көйгөй жаралышы мүмкүн. Герметикалык терезе, эшиктер абанын алмашуусун чектейт. Бууланган нымдын баары үйдө калып, терезенин айнектери тердеп, дубалдын бурчтары көгөрө баштайт. Үйдү желдетүүдө жылуулукту жоготпостон аба алмаштыруучу атайын жабдыктар бар. Бул рекуператор деп аталат. Жабдык дубалды тешип орнотулат да, ал сырттагы муздак абаны үйдөн чыгып жаткан жылуу аба менен жылытып үйгө киргизет. Андан тышкары, суук мезгилде да, ысыкта да мүмкүн болушунча үйдөгү керектүү температураны сактап, үйдөн чыккан абаны таза аба менен алмаштырат. Ошондой эле сырттан жылуулук алуучу насостору бар. Мисалы, сыртта -25 градус суук болуп жатса дагы, жердин асты жана акма суу +7…+10 градус жылуу болуп турат. Жылуулук насосу ошол температураны үйгө алып берет. Бул шайман бир киловатт энергияны колдонуп, үч киловатт жылуулук энергиясын берет. Мындайча айтканда, жөнөкөй электр мешине салыштырмалуу үч эсе арзан", — деди Канатбеков.
Адис рекуператорду 25 миң сомго орнотсо болорун, ал эми жылуулук насосу 3000 доллардан жогору турарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0