https://sputnik.kg/20211104/covid-19-mehehnin-kletkalaryn-zhabyrkatpajt-1054477242.html
COVID-19 вирусу мээнин клеткаларын жабыркатпайт. Жаңы иликтөө
COVID-19 вирусу мээнин клеткаларын жабыркатпайт. Жаңы иликтөө
Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар коронавирустун эң негизги симптомдорунун бири жытты сезбей калуунун мээ менен байланышын изилдешкен. 04.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-04T10:31+0600
2021-11-04T10:31+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
дүйнөдө
коронавирус
инфекциялык оору
мээ
оору
дүйнөгө жайылган коронавирус
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/04/1054477327_0:13:1921:1093_1920x0_80_0_0_5523f8ae2d01f269536e62eb392c08ea.jpg
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. COVID-19 оорусун чакырган SARS-CoV-2 вирусу адамдын мээсинин клеткаларын жабыркатпайт. Окумуштуулардын изилдөөсү Cell журналына жарыяланганын РИА Новости жазды.Германия менен Бельгиянын илимпоздору коронавирус инфекциясынын эң негизги симптомдорунун бири аносмияны, тагыраагы, жытты сезбей калууну изилдешкен.Эксперттер 85 адамга байкоо жүргүзгөн, арасында оорудан каза тапкандар болгон. Натыйжада адамдын жыт сезүүнү жоготушуна мээнин клеткалары жооптуу эмес экенин аныкташкан.Guardian гезити бул изилдөө вирус жыт сезүү былжыр челиндеги нейрондордун ишин үзгүлтүккө учуратат деген божомолдорду жокко чыгарарын белгилеген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0b/04/1054477327_97:0:1804:1280_1920x0_80_0_0_6be1f9bcbdac40953db58098685afc1b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, коронавирус, инфекциялык оору, мээ, оору, дүйнөгө жайылган коронавирус
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, коронавирус, инфекциялык оору, мээ, оору, дүйнөгө жайылган коронавирус
COVID-19 вирусу мээнин клеткаларын жабыркатпайт. Жаңы иликтөө
10:31 04.11.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Окумуштуулар коронавирустун эң негизги симптомдорунун бири жытты сезбей калуунун мээ менен байланышын изилдешкен.
БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. COVID-19 оорусун чакырган SARS-CoV-2 вирусу адамдын мээсинин клеткаларын жабыркатпайт. Окумуштуулардын изилдөөсү Cell журналына жарыяланганын
РИА Новости жазды.
Германия менен Бельгиянын илимпоздору коронавирус инфекциясынын эң негизги симптомдорунун бири аносмияны, тагыраагы, жытты сезбей калууну изилдешкен.
Эксперттер 85 адамга байкоо жүргүзгөн, арасында оорудан каза тапкандар болгон. Натыйжада адамдын жыт сезүүнү жоготушуна мээнин клеткалары жооптуу эмес экенин аныкташкан.
"Биз инфекция жыт сезүү үчүн жооптуу нейрондорду жабыркатат деген далилди тапкан жокпуз. Баш сөөктүн ичинде ал ткандар дагы таза бойдон экен. Эгер коронавирус жыт сезүү нейрондорун жабыркатса, мээге дагы зыянын тийгизмек. Адам жытты башка эле клеткалардын жабыркашынан сезбей калат", — деген адистер.
Guardian гезити бул изилдөө вирус жыт сезүү былжыр челиндеги нейрондордун ишин үзгүлтүккө учуратат деген божомолдорду жокко чыгарарын белгилеген.