Дубайда араб мода жумалыгы өттү. Президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Мыкан айылындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышты. Ал бийликке келгенден кийин эң биринчи сапары ушул айылга жасалган.Китакюсю (Япония) шаарындагы Көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат.Бул күндөрү Бишкек шаарындагы күз өзүнүн көркүнө чыгып турат.Улуу Британияда көркөм тасманын бет ачарына актриса Анжелина Жоли балдары менен барып, ЖМК өкүлдөрү жана сүрөтчүлөр үчүн жакшы кадрларды тартуулады.Британиялык активист Стив Брэй депутаттардын айлана-чөйрө боюнча кабыл алган мыйзамына нааразылыгын башкача ыкма менен билдирди.Мадриддин борбордук аянтын койлордун ээн-эркин аралап өтүшү жергиликтүү эл үчүн кадыресе көрүнүш болуп калган.Канар аралындагы от болуп атылып жаткан жанар тоо элди, бийликти бир топ жүдөттү, оңбогондой чыгым алып келди.Карелияга барган турист кааласа "Рускеальский экспресс" менен XIX кылымдын аягына — XX кылымдын башына туш келе алат.
Sputnik Кыргызстан өткөн аптада дүйнөдө болгон эң кызыктуу окуяларды камтыган кезектеги сүрөт түрмөгүн сунуш кылат.
Дубайда араб мода жумалыгы өттү. Президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Мыкан айылындагы орто мектептин ачылыш салтанатына катышты. Ал бийликке келгенден кийин эң биринчи сапары ушул айылга жасалган.
Китакюсю (Япония) шаарындагы Көркөм гимнастика боюнча дүйнө чемпионаты өтүп жатат.
Бул күндөрү Бишкек шаарындагы күз өзүнүн көркүнө чыгып турат.
Улуу Британияда көркөм тасманын бет ачарына актриса Анжелина Жоли балдары менен барып, ЖМК өкүлдөрү жана сүрөтчүлөр үчүн жакшы кадрларды тартуулады.
Сеулдагы парктагы "Кальмар оюну" сериалындагы алп куурчактын фонунда ыйлап турган кичине кыз. Түштүк кореялык бул сериалды Netflix платформасында 132 миллиондон ашык адам көрдү.
Бактылуу ирмемдердин бири. Америкалык актриса Анжелина Жоли кыздары Захара жана Вивьен менен. Сүрөт Лондондо кинофильмдин премьерасынан кийин тартылган. Октябрь, 2021-жыл.
Президет Садыр Жапаров Глазго (Улуу Британия) шаарына БУУнун климаттык өзгөрүү жөнүндө алкактык конвенциянын 26-конференциясынын дүйнө лидерлеринин саммитине катышуу үчүн барды
Британиялык активист Стив Брэй Даунинг-стрит дарбазасынын алдында депутаттардын айлана-чөйрө боюнча кабыл алган мыйзамына ушинтип нааразылыгын билдирди.
Мадриддин борбордук аянтынан өтүп бара жаткан койлор. Жыл сайын койчуларга өзүнүн укугунан пайдаланып Испаниянын түндүгүнөн түштүгүнө ушул жол менен малын айдап өткөнгө уруксат берилет.
Канар аралындагы от менен жалын болуп атылып жаткан жанар тоо. Кумбре-Въеха 19-сентябрда ойгонгон. 40 күнгө жакын мезгил ичинде бул оттуу тоо 900 гектарга чукул жерди каптады.
Карелиядагы керемет. Сортавала менен Рускеала тоо паркынын ортосунда уникалдуу ретропоезд каттайт. "Рускеальский экспресс" — туристтер менен жүргүнчүлөрдү XIX кылымдын аягына — XX кылымдын башына жетелейт.