Зулпуев Саидбек Мейраждинович — өмүр баяны
04:26 01.11.2021 (Жаңыртылды: 12:24 21.01.2022)
© Фото / пресс-служба ПП "Ата-Журт Кыргызстан"Кандидат в депутаты ЖК от партии "Ата-Журт Кыргызстан" Саидбек Зулпуев
© Фото / пресс-служба ПП "Ата-Журт Кыргызстан"
Жазылуу
Саидбек Зулпуев 1968-жылы 11-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Москвадагы Плеханов атындагы Россиянын экономикалык академиясын аяктаган.
Эмгек жолу:
- 1993-1995 ―"Кыргызгипроводхоз" долбоорлоо институтунда жетектөөчү адис, жетекчинин орун басары;
- 1995-1997 ― Агроөнөр жай комплекси башкармалыгынын башкы адиси;
- 1997 ― Финансы министрлигинин Жалал-Абад шаардык бөлүмүндө жетекчи;
- 1997-2000 ― Финансы министрлигинин Жалал-Абад шаардык бөлүмүндө бюджет боюнча бөлүм башчы;
- 2000-2001 ― Финансы министрлигинин Чүй облустук бюджеттик бөлүмүндө жетекчи;
- 2001-2007 ― Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында директордун орун басары;
- 2007-2011 ― Финансы министрлигинде министрдин орун басары, борбордук казынанын директору;
- 2012-2021 ― Банктарды жоюу боюнча агенттикте директор.