Кыргызстанга россиялык компаниялардын бизнес-миссиясы келет

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын жана Россиянын мамлекеттик желектери. Архив
Кыргызстандын жана Россиянын мамлекеттик желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2021
Жазылуу
Иш-чара экономиканын бир нече багыты боюнча иш алып барган россиялык жана кыргызстандык компаниялардын байланыш түзүүсүнө аянтча болуп бермекчи.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. 10-12-ноябрда россиялык компаниялардын бизнес-миссиясы Бишкекте болот. Бул тууралуу Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду (РКӨФ) билдирди.
Иш-чараны РКӨФ менен Россиянын эксперттик борбору уюштурууда.
"Анын максаты — Кыргызстандагы россиялык өндүрүшчүлөрдүн продукцияларын жайылтуу үчүн көмөктөшүү жана эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун кызматташуусун кеңейтүү. Эл аралык көп багыттуу миссия 10-12-ноябрга белгиленген", — деп айтылат маалыматта.
Аткаминерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Бизнесмендерге жардам берчү Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамы бекиди
Иш-чара энергетика, айыл чарба, машина куруу, тышкы экономика, ресурстарды үнөмдөө жана санариптик технология жаатында иштеген россиялык жана кыргызстандык компаниялардын байланыш түзүүсүнө аянтча болуп бермекчи.
РКӨФ компаниялар бизнес-өнөктөштөргө ээ болуп, иштиктүү байланыштарын кеңейте аларына ишенет.
Жаңылыктар түрмөгү
0