Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

"Империя пиццы" кафесине канча айып пул салынганы айтылды

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги "Империя пиццы" кафеси
Бишкектеги Империя пиццы кафеси - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Жазылуу
Санитардык дарыгер Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору уулануу боюнча маалыматты милицияга өткөрүп бергенин айтып, мындан ары ишти укук коргоо органдары алып кетерин белгиледи.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. "Империя пиццы" кафесиндеги тамакка массалык уулануу фактысы боюнча аталган жайдын администрациясына айып пул чегерилип, беш протокол түзүлдү. Бул тууралуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгери Кундуз Есенгулова Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
© Sputnik / Асель СыдыковаМамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгери Кундуз Есенгулова
Санитарный врач бишкекского Центра госсанэпиднадзора Кундуз Есенгулова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.12.2021
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык дарыгери Кундуз Есенгулова
"Анализдердин соңку жыйынтыгы чыкканга чейин "Империя пиццы" тамактануу жайынын 16 кафеси тең жабылды. Бузуулар кодексине ылайык, кафенин администрациясына карата 7500, 5 000 жана 3 000 сомго беш протокол түзүлдү", — деди Есенгулова.
Официант жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Санэпидкөзөмөл борбору өлкөдөгү тамак-аш сатуучу жайларды текшере баштайт
Санитардык дарыгер Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору уулануу боюнча маалыматты милицияга өткөрүп бергенин айтып, мындан ары ишти укук коргоо органдары алып кетерин белгиледи.
Ал эки жыл мурда "Ала-Тоо" ресторанында 180 адам тамакка ууланганын айтып, ага карата кылмыш иши козголгонун эске салды.
Жаңылыктар түрмөгү
0