Суукта дем алуу органдарын коргой турчу азыктардын чен өлчөмү айтылды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүАял дүкөндө. Архив
Аял дүкөндө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Жазылуу
Диетолог күз мезгилинин аяктап жатканына байланыштуу диетаны кайра карап чыгуу зарылдыгын эскертип, суукта тамак-аштын курамы кандай болушу керектигин айтты.
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыш келип суук түшкөндө майлуу тамактарга өтүү керек. Бул тууралуу диетолог, медицина илимдеринин доктору, салмакты көзөмөлдөө клиникасынын жетекчиси Алексей Ковальков Sputnik радиосуна берген маегинде айтты.
Ал жайында майлуу азыктарды азайтып, кышында аны рационго кошуу зарылдыгын белгилеген.
"Киши басканда кыймылга сарпталган энергиядан бөлүнүп чыккан жылуулуктан улам организмдеги майлар кетет. Ооздон чыккан буу дал ошол майлардын эришинен чыккан жылуулуктан пайда болот. Анын үстүнө тирүү жандыктын майлары өпкөнү каптап, бактериялардын киришине тоскоол болгон активдүү комплекс деп аталат", — деген Ковальков.
Ал белгилегендей, тамак-аш пирамидасында майлар жана белоктор жылдын кайсы убагында болбосун углеводдордон басымдуулук кылышы керек.
Базарда эт сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
Витамин жетпей... Эт жеп көнгөн киши андан баш тартса эмне болот
"Тамактануу пирамидасынын (диетологдор тарабынан иштелип чыккан туура тамактануу принциптери графикалык түрдө берилген – ред.) өзөгүн углеводдор түзөт. Бул көп жылдар мурда ойлоп табылган. Бирок диетологдор булчуң массасынын пропорциясы жана сакталышы жөнүндө сөз кылганда, адатта, "белоктар, майлар жана углеводдор" дешет, башкача айтканда, белоктор биринчи орунда турат. Эгерде бул эки заттын айланасында талаш болсо, анда белоктордун маанилүүлүгү ар дайым эсепке алынат. Менин оюмча, бул азык пирамидасы Египеттеги Хеопс пирамидасы сыяктуу өтө эле байыркы, аны эчак эле кайра карап чыгуунун кезеги келген. Рациондо белок жана майдын саны бир топ жогору, ал эми углевод аз болушу керек", — деген диетолог.
Ковальков ошондой эле идеалдуу рациондо жогоруда айтылган заттар кандай пропорцияларда берилиши керектигин санап берди.
"Белок жок дегенде 70 грамм болушу керек. Белоктун ар кандай түрлөрүн: тоок, үндүк, уй этин, андан кийин деңиз азыктары, балыкты колдонсо болот. Углеводдор 50-60 грамм, эң көп болгондо 110-115 грамм жана май 60-80 грамм ченемде талап кылынат", — деген ал.
Ал ошол эле учурда диета универсалдуу болушу үчүн анын жарымы өсүмдүк азыктарынан, дагы бир бөлүгү жандыктын этинен болушу керек экенин белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0