00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Когда тают ледники: может ли искусственный лёд решить проблему воды - о технологии с ее реализатором
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Шералы Сыдыков атындагы спорттук колледж — улуттук курама үчүн чемпиондорду даярдаган башкы мектеп
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Воздушный кодекс, «черный список» и борьба с туманом – беседа с главой Агентства гражданской авиации
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Буллингди кадимки уруш-талаштан кантип айырмалайбыз? — балдар психологу менен маек
11:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Инновациялык кесиптер институту — кайсы багыттагы адистерди даярдайт?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Оору күчөдү. Кошумча орун эмнеге кургак учукту алдын алуу борборунда даярдалды?

© Sputnik / Виталий АньковОорукана. Архив
Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Жазылуу
Социалдык тармактагылар "убактылуу стационарды башка жактан деле ачса болмок" деген нааразы пикирлерин жазышкан.
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардам уюштуруу жана коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Анара Мамбетисаева Sputnik Кыргызстан агенттигине эмне себептен сасык тумоо жана пневмонияга кабылган балдарды жаткыруу үчүн кошумча орундар Шаардык кургак учукту алдын алуу жана реабилитациялоо балдар борборунун базасында даярдала турганын түшүндүрдү.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү тумоолоп калган же орточо оордукта пневмония болгон бөбөктөр аталган борборго жаткырыларын айткан. Соцтармак колдонуучулары стационар эмне себептен мындай имаратка ачыларын сурап, нааразы пикирлерин жазышкан.
Мамбетисаева бул борбордо кургак учук менен ооруган балдар дарыланбай турганын айтып, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун текшерүүсүнөн өткөнүн белгиледи.
"Бул жайды стационар кылып ачуудан мурда атайын комиссия менен барып текшердик. Негизи ал жакта кургак учук болгон балдар дарыланбайт. Аты айтып тургандай бул ооруну алдын алуу борбору. Бирок эки жылдан бери Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы менен шаардык клиникалык балдар ооруканасы кызыл зона болуп жаткандыктан, бул жакка кызылча менен кызамыкка шектелген бөбөктөр келчү. Азыр алар дагы жок", — деди ал.
Адис аталган жай ушу тапта толугу менен бошотулуп, стационарга даярдалганын белгиледи.
"Комиссия менен текшерген учурда ал жакта 10го жетпеген бала бар экен. Баарынын тарых баракчасын карап чыктык. Ал бөбөктөр убактылуу кароо жайларынан, фостердик үй-бүлөлөрдөн эмдөөдө ийне сайган жери шишип кетип келгендер. Баарынын рентгендери, какырыктарынын анализдери таза, ден соолуктары жакшы экен. Аларды азыр үйлөрүнө жибердик", — деди жетектөөчү адис.
Мамбетисаева кургак учук менен ооруган балдар фтизиатрия борборлорунда гана дарыланарын эскертип, ата-энелерди чочулобоого чакырды.
Бишкек мэриясынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.10.2021
Пресс-борбор
Оору күчөдү, мектептер онлайн окутууга өтөбү? Мэриянын жообу
"Биз деле кантип кургак учук менен ооруган балдардын арасына кошуп жаткырып коймок элек. Мындай реакция болорун билгенбиз. Бирок эч кандай шарты жок спорт залдарда стационар даярдагандан көрө бул жак алда канча жакшы да. Баары балдарга ылайыкташылган. Ооругандар бул жакта жатпайт! Убактылуу стационар даярдайлы деп Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборуна үч жерди көрсөткөнбүз. Алар экөөнө уруксат бербей, ушул жайга уруксат беришти, текшерди. Бардык тийиштүү текшерүүлөрдөн өткөндөн кийин гана расмий маалымат берилди", — деди Мамбетисаева.
Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев сасык тумоо жана пневмонияга кабылган балдар үчүн Республикалык диагностикалык борбордун базасында орундар даярдалганын айткан. Ал жакка орточо оор абалдагы бөбөктөр жаткырылат.
Кошумча орундар Шаардык клиникалык балдар ооруканасы менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жумушун жеңилдетүү максатында түзүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0