https://sputnik.kg/20211021/akylbek-zhaparov-atkaminerlerge-tapshyrma-1054302915.html
Таштандыдан мүлккө чейин. Жапаров аткаминерлердин негизги милдетин атады
Таштандыдан мүлккө чейин. Жапаров аткаминерлердин негизги милдетин атады
Sputnik Кыргызстан
Мэрлер, акимдер жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары өз аймагындагы тазалык жана тартип үчүн жеке жоопкерчилик тартышат. 21.10.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-10-21T19:25+0600
2021-10-21T19:25+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
кыргызстан
саясат
акылбек жапаров
аткаминер
милдет
тапшырма
https://sputnik.kg/img/104568/21/1045682172_0:0:3072:1738_1920x0_80_0_0_678fdccd27c44c9c01150a30b3b0b0fa.jpg
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жергиликтүү республикалык кеңешменин жүрүшүндө бийликтин жакынкы келечектеги артыкчылыктуу милдеттерин белгиледи.Ал бүгүнкү күндө мал-жандыкты сертификациялоо демилгесин эске салды. Учурда ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана башка мамлекеттерге сертификатталбаган бир дагы жүк жөнөтүлбөй турганын белгилеп, Айыл чарба министрлигине малды идентификациялоо процессин 2022-жылдын 2-кварталына чейин жыйынтыктоо тапшырмасын берди.Ал эми мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо үстүбүздөгү жылдын аягына чейин бүтүп, 2022-жылдын 1-кварталында анын жалпы наркын аныктоо зарылдыгын айтты.Дагы бир маанилүү тапшырма – мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамды жөнөкөйлөтүү, ал мүмкүн болушунча жалпыга ачык жана ыңгайлуу болушу керек. Бул процесс 2022-жылдын 1-январына чейин жыйынтыкталууга тийиш.Ошондой эле Жапаров тазалыкты жана тартипти орнотуу керектигин да баса белгиледи.Жыйынтыгында Жапаров парламенттик шайлоо учурунда административдик ресурсту колдонууга жол берилбестигин, тактап айтканда, үгүт иштерине мугалимдерди, медицина кызматкерлерин жана бюджеттик чөйрөнүн башка өкүлдөрүн тартпоону эске салды.
https://sputnik.kg/20211021/pensiya-posobie-zhashoo-minimumuna-zhetkiruu-1054302175.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104568/21/1045682172_0:0:3072:1930_1920x0_80_0_0_2abbf227adc50ee8d4ded3d4c4868c41.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, акылбек жапаров, аткаминер, милдет, тапшырма
жаңылыктар, кыргызстан, саясат, акылбек жапаров, аткаминер, милдет, тапшырма
Таштандыдан мүлккө чейин. Жапаров аткаминерлердин негизги милдетин атады
19:25 21.10.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Мэрлер, акимдер жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары өз аймагындагы тазалык жана тартип үчүн жеке жоопкерчилик тартышат.
БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы
Акылбек Жапаров Жергиликтүү республикалык кеңешменин жүрүшүндө бийликтин жакынкы келечектеги артыкчылыктуу милдеттерин белгиледи.
Ал бүгүнкү күндө мал-жандыкты сертификациялоо демилгесин эске салды. Учурда ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана башка мамлекеттерге сертификатталбаган бир дагы жүк жөнөтүлбөй турганын белгилеп, Айыл чарба министрлигине малды идентификациялоо процессин 2022-жылдын 2-кварталына чейин жыйынтыктоо тапшырмасын берди.
Ал эми мамлекеттик мүлктү инвентаризациялоо үстүбүздөгү жылдын аягына чейин бүтүп, 2022-жылдын 1-кварталында анын жалпы наркын аныктоо зарылдыгын айтты.
21 Тогуздун айы 2021, 18:09
Дагы бир маанилүү тапшырма – мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамды жөнөкөйлөтүү, ал мүмкүн болушунча жалпыга ачык жана ыңгайлуу болушу керек. Бул процесс 2022-жылдын 1-январына чейин жыйынтыкталууга тийиш.
Ошондой эле Жапаров тазалыкты жана тартипти орнотуу керектигин да баса белгиледи.
"Бардык жерде таштандылар, желим баштыктардын калдыктары жатат. Башка өлкөлөрдө, мисалы, Сингапурда адамдар сагызын да жерге таштабайт, бардык көчөлөр таза, жашыл. Мэрлер, акимдер жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары аймакта, коомдук жайларда тартип үчүн жеке жоопкерчилик тартышат. Тартипке келтирүү, жашылдандыруу маселелери сиздердин компетенцияңыздарга кирет. Бул маселени чечүү үчүн жазды күтүүнүн кажети жок", — деди министрлер кабинетинин төрагасы.
Жыйынтыгында Жапаров парламенттик шайлоо учурунда административдик ресурсту колдонууга жол берилбестигин, тактап айтканда, үгүт иштерине мугалимдерди, медицина кызматкерлерин жана бюджеттик чөйрөнүн башка өкүлдөрүн тартпоону эске салды.