https://sputnik.kg/20211020/kulagan-uchak-chachyrap-kuyup-ketkeni-menen-zhurgunchuloru-aman-kaldy-1054282328.html
Кулаган учак чачырап, күйүп кеткени менен жүргүнчүлөр аман калган. Видео
Кулаган учак чачырап, күйүп кеткени менен жүргүнчүлөр аман калган. Видео
Sputnik Кыргызстан
Американын Техас штатында учак абага көтөрүлгөндөн кийин көп өтпөй эле жерге кулап, чачырап кеткен. 20.10.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-10-20T12:26+0600
2021-10-20T12:26+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
дүйнөдө
окуялар
видео
мультимедиа
акш
техас
учак
кырсык
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/14/1054282291_84:0:1056:550_1920x0_80_0_0_7b592795ce683b29eb992802d8ef75dd.jpg
РИА Новостинин "Телеграм" каналы учактагы 21 жүргүнчүнүн баары аман-эсен экендигин, алардын ичинен бирөө ооруканага жеткирилгендигин кабарлады. Брукшир шаарында (Уоллер округ) McDonnell Douglas DC-9-87 аба кемеси учуп-конуучу тилкеден көтөрүлүп, тиешелүү бийиктикке жете албай, кайрадан жерге кулаган. Асмандан тартылган видеодон токой сымал жерде учактын капкара болуп толугу менен күйүп кеткендигин жана анын масштабын көрүүгө болот.Маалыматта аба кемеси жерге түшкөндө бир нече бөлүккө чачырап талкаланып кетип, андан соң жалындаган өрттүн ичинде калганы айтылган. Бактыга жараша, экипаж менен жүргүнчүлөрдү тез арада эвакуациялоого үлгүрүшкөн.ЖМКлардын жазганына караганда, учак жергиликтүү курулуш компаниянын ээси Алан Кент аттуу адамга катталган. Анын да бортто болгондугу айтылды.Эки кыймылдаткычтуу McDonnell Douglas DC-9-87 аба техникасына жалпысынан 172 адам батат.
https://sputnik.kg/20210817/podmoskovede-kulagan-asker-uchagy-video-1053584934.html
акш
техас
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0a/14/1054282291_133:0:1008:550_1920x0_80_0_0_1442451116151256c63de82cc17234b9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, окуялар, видео, мультимедиа, акш, техас, учак, кырсык, жүргүнчү, экипаж
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, окуялар, видео, мультимедиа, акш, техас, учак, кырсык, жүргүнчү, экипаж
Кулаган учак чачырап, күйүп кеткени менен жүргүнчүлөр аман калган. Видео
12:26 20.10.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Американын Техас штатында учак абага көтөрүлгөндөн кийин көп өтпөй эле жерге кулап, чачырап кеткен.
РИА Новостинин "Телеграм" каналы учактагы 21 жүргүнчүнүн баары аман-эсен экендигин, алардын ичинен бирөө ооруканага жеткирилгендигин кабарлады.
Брукшир шаарында (Уоллер округ) McDonnell Douglas DC-9-87 аба кемеси учуп-конуучу тилкеден көтөрүлүп, тиешелүү бийиктикке жете албай, кайрадан жерге кулаган. Асмандан тартылган видеодон токой сымал жерде учактын капкара болуп толугу менен күйүп кеткендигин жана анын масштабын көрүүгө болот.
Маалыматта аба кемеси жерге түшкөндө бир нече бөлүккө чачырап талкаланып кетип, андан соң жалындаган өрттүн ичинде калганы айтылган. Бактыга жараша, экипаж менен жүргүнчүлөрдү тез арада эвакуациялоого үлгүрүшкөн.
ЖМКлардын жазганына караганда, учак жергиликтүү курулуш компаниянын ээси Алан Кент аттуу адамга катталган. Анын да бортто болгондугу айтылды.
Эки кыймылдаткычтуу McDonnell Douglas DC-9-87 аба техникасына жалпысынан 172 адам батат.