Коронавирус дагы эки адамдын өмүрүн алды. Соңку статистика

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүОоруканадагы дарыгер. Архив
Ооруканадагы дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Жазылуу
Кечээтен бери Нарын, Баткен, Жалал-Абад облустарында жана Ош шаарында коронавирустун жаңы учуру катталган эмес.
БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда 93 кишиден коронавирус табылып, 74 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
  • Бишкек – 49;
  • Чүй облусу – 31;
  • Ош облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 12.
Өлкөдө оору жуктургандардын жалпы саны 180 006га жетти. Анын ичинен 174 766 киши дартты жеңген. Тилекке каршы, кечээтен бери дагы эки бейтап коронавирустун курмандыгы болду. Муну менен илдет жалпы 2 638 адамдын өмүрүн алган.
Азыркы тапта стационарда 571, ал эми амбулатордук түрдө 527 адам дарыланып жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0