Афганистанда мечитте жарылуу болуп, 100дөн ашык киши көз жумду

© REUTERS / STRINGER Афганистандын Кундуз провинциясындагы мечитте жарылуу болуп, 100дөн ашык киши каза болду
 Афганистандын Кундуз провинциясындагы мечитте жарылуу болуп, 100дөн ашык киши каза болду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2021
Жазылуу
Жарылуу боюнча жоопкерчиликти өз мойнуна “Ислам мамлекети” террордук уюму алды. БУУнун башкы катчысы окуяны өкүнүү менен сындады.
БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Афганистандын Кундуз провинциясындагы мечитте жарылуу болуп, 100дөн ашык киши каза болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Жарылууну террористтер уюштурганы белгилүү болду. Каза болгондордун бардыгы мечитке келгендер.
"Талибан"* кыймылынын өкүлү Забиулла Муджахида жерине атайын кызматтар барып иштеп жатканын айтты. Кийин жарылуу боюнча жоопкерчиликти өз мойнуна “Ислам мамлекети”* террордук уюму алды.
БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш терактты өкүнүү менен сынга алды.
* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм.
 
 
Жаңылыктар түрмөгү
0