Бишкектеги мектептин жабылышы. Мэрия ата-энелерге кайрылуу жасады

© Sputnik / Табылды КадырбековОкуучулар. Архив
Окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2021
Жазылуу
Буга чейин Санэпидкөзөмөл органы Бишкектеги мектептердин бирин 10 күнгө жапкан. Мындан улам мэрия окуучулардын ата-энелерине сунуштама берди.
БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясы № 67 мектептин карантинге жабылганына байланыштуу учурда офлайн билим алып жаткан балдардын ата-энелерине кайрылуу жасады.
Бүгүн аталган мектеп-гимназиянын эки окуучусу менен бир мугалиминен коронавирус аныкталганы айтылып, мекеме эки жумага жабылганы кабарланган.
"Урматтуу ата-энелер, балдарыңыздардан сасык тумоонун белгилери же ооруган адамдар менен байланышта болгонун байкасаңыздар мектепке жана бала бакчага жибербей, үйдө калтырууну суранабыз. Эгер ооруп калышса күтпөстөн дарыгер чакырыңыздар. Мектептеги жана мектепке чейинки балдар коронавирустун алып жүрүүчүсү болуп, башкаларга жуктурушу мүмкүн", — деп айтылат маалыматта.
Муниципалитет ооруп жаткан жарандарды карантиндик режимди сактоого чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0