Кумтөр кенинде жашыруун көмүлгөн уулуу калдыктар табылды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба "Кумтор голд компани"Кумтөр кенинин аймагына мыйзамсыз көмүлгөн уулуу калдыктар табылды
Кумтөр кенинин аймагына мыйзамсыз көмүлгөн уулуу калдыктар табылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.10.2021
Жазылуу
Башкы эколог Centerra жаратылышка жапайы мамиле жасаган деп сыпаттап, мындай иштер үчүн мыйзамда өтө олуттуу айып санкциялары каралганын белгиледи.
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кумтөр кенинин аймагына мыйзамсыз көмүлгөн уулуу калдыктар табылды. Бул тууралуу "Кумтөр голд компани" (КГК) ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба "Кумтор голд компани"Кумтөр кенинин аймагына мыйзамсыз көмүлгөн уулуу калдыктар табылды
Кумтөр кенинин аймагына мыйзамсыз көмүлгөн уулуу калдыктар табылды - Sputnik Кыргызстан
1/4
Кумтөр кенинин аймагына мыйзамсыз көмүлгөн уулуу калдыктар табылды
© Фото / пресс-служба "Кумтор голд компани"Мекеме канадалыктар Кыргызстандын жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана эл аралык экологиялык стандарттарды бузганын белгиледи
Мекеме канадалыктар Кыргызстандын жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана эл аралык экологиялык стандарттарды бузганын белгиледи - Sputnik Кыргызстан
2/4
Мекеме канадалыктар Кыргызстандын жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана эл аралык экологиялык стандарттарды бузганын белгиледи
© Фото / пресс-служба "Кумтор голд компани"Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин адистери, тышкы башкарууга алынган КГКнын командасы менен биргеликте калдыктар ташталган бир нече жайды тапкан
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин адистери, тышкы башкарууга алынган КГКнын командасы менен биргеликте калдыктар ташталган бир нече жайды тапкан - Sputnik Кыргызстан
3/4
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин адистери, тышкы башкарууга алынган КГКнын командасы менен биргеликте калдыктар ташталган бир нече жайды тапкан
© Фото / пресс-служба "Кумтор голд компани"Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова Centerra жаратылышка жапайы мамиле жасаган деп сыпаттап, мындай иштер үчүн мыйзамда өтө олуттуу айып санкциялары каралганын белгиледи.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова Centerra жаратылышка жапайы мамиле жасаган деп сыпаттап, мындай иштер үчүн мыйзамда өтө олуттуу айып санкциялары каралганын белгиледи. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова Centerra жаратылышка жапайы мамиле жасаган деп сыпаттап, мындай иштер үчүн мыйзамда өтө олуттуу айып санкциялары каралганын белгиледи.
1/4
Кумтөр кенинин аймагына мыйзамсыз көмүлгөн уулуу калдыктар табылды
2/4
Мекеме канадалыктар Кыргызстандын жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана эл аралык экологиялык стандарттарды бузганын белгиледи
3/4
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин адистери, тышкы башкарууга алынган КГКнын командасы менен биргеликте калдыктар ташталган бир нече жайды тапкан
4/4
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова Centerra жаратылышка жапайы мамиле жасаган деп сыпаттап, мындай иштер үчүн мыйзамда өтө олуттуу айып санкциялары каралганын белгиледи.
Мекеме канадалыктар Кыргызстандын жаратылышты коргоо мыйзамдарын жана эл аралык экологиялык стандарттарды бузганын белгиледи. Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин адистери, тышкы башкарууга алынган КГКнын командасы менен биргеликте калдыктар ташталган бир нече жайды тапкан.
"Кумтөр кенинин аймагында таң калтырган фактылар аныкталды. Ар кайсы жерине таңгакталган химиялык реагенттерди, эски дөңгөлөктөрдү, техниканын тетиктерин, жадагалса автоунааны толугу менен көмүп салышкан. Көптөгөн жылдар бою өндүрүштүк жана күнүмдүк турмушта колдонулган калдыктарды кайра иштетүүнүн ордуна жерге көмүп келишкен. Бул полигондор бир дагы отчётто же документте көрсөтүлгөн эмес. Кызматкерлердин жардамы менен гана табылды. Экологдордун анализи боюнча мындай калдыктар кендин бүт тарабына көмүлгөн", — деп айтылат маалыматта.
Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин төрайымы Динара Кутманова Centerra жаратылышка жапайы мамиле жасаган деп сыпаттап, мындай иштер үчүн мыйзамда өтө олуттуу айып санкциялары каралганын белгиледи.
Деятельность Кумтор Голд Компани в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.10.2021
Жапаров, Ташиевдер Centerra жетекчилиги менен жолукту. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы
"Centerra Кыргызстанда такыр көзөмөлсүз иштеген деп айтсак болот. Себеби көзөмөлдөөчү органдар толтурган актыларында бир-эки күн гана жүргөнүн жазган. Анда да Centerra уруксат берген жерлерди эле көрө алышкан. 2009-жылкы стратегиялык макулдашуу боюнча Кумтөр улуттук эле эмес, эл аралык экологиялык нормаларды дагы сактоого милдеттеме алган. Эгер Канададагы же батыш өлкөлөрүндөгү кендерден ушинтип көмүлгөн бир эле калдык табылса, экологиялык катастрофа катары кабылданып, бүт дүйнө кен казган компанияны айыптап чыкмак", — деди Кутманова.
Ал эми комитеттин калдыктарды башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси Самат Шатманова эреже боюнча колдонулган металл, материалдар, дөңгөлөктөр кайра иштетүүгө жөнөтүлүшү керектигин айткан.
"Кумтөр кениндеги мыйзамсыз полигон боюнча бардык маалыматтар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жиберилди. Алдыда тергөөнүн Кыргызстандын жарандарына, анын ичинде мурдагы мамлекеттик кызматкерлерге суроосу жаралышы мүмкүн. Себеби мындай ишти көрбөй, билбей калуу мүмкүн эмес эле", — деп билдирди КГК.
Ошондой эле ишкана бүгүнкү күндө "Кумтор Голд Компанинин" тышкы башкаруучу Теңиз Бөлтүрүктүн тапшырмасы менен экология тыкыр көзөмөлдөнүп, бардык калдыктар ылганып, кайра иштетүүгө жөнөтүлүп жатканын маалымдады.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0