Балалуу келинди маршруткага салбай койгон айдоочу: мэрия жетекчисин чакыртты

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги маршрутка айдоочу. Архив
Бишкектеги маршрутка айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.09.2021
Жазылуу
Бишкек шаарындагы маршруткалардын биринин айдоочусу коляскасы болгону үчүн балалуу аялды салбай жаткан видео тараган.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Бишкекте балалуу келинди коляскасы бар үчүн маршруткага салбай койгон айдоочунун окуясы боюнча Шаардык транспорт башкармалыгы №203 маршруткага ээлик кылган "Совет Бригады" ЖЧКсынын жетекчисин чакыртты. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.

"Бүгүн Бишкекте айдоочу менен жүргүнчүнүн ортосундагы пикир келишпестиктен улам айдоочунун аракетине баа берүү үчүн №203 маршруткага ээлик кылган "Совет Бригады" ЖЧКсынын жетекчиси чакыртылды. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында ага кандай чара көрүү чечими кабыл алынат. Айдоочу жумуштан кетирилиши дагы мүмкүн", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, Бишкек шаарындагы маршруткалардын биринин айдоочусу коляскасы болгону үчүн балалуу аялды салбай жаткан видео тараган.

Кадрдан айдоочу келинди микроавтобуска киргизбей түртүп, ал эми колунда жетелеген кичинекей кыз чырылдап ыйлап жаткандыгын көрүүгө болот. Жерде коляска жатат.

Айдоочу ага коляска сала турган багажы бар маршруткага түшүүсүн айтып жатат. Ал эми аял эшикти улам тарткылап, түшүүгө аракет кылып жатканы видеого тартылып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0