00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Без «народных адвокатов»: кто теперь имеет право представлять ваши интересы в суде
08:05
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венчурдук каржылоо мыйзамы сунушталууда. Ишкерлике бул эмне берет?
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:04
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Улуттук банк акчанын жасалма экенин кантип билсе болорун айтып берди

© Sputnik / Жоомарт УраимовМиң сомдук купюралар жана тыйындар. Иллюстративдик сүрөт
Миң сомдук купюралар жана тыйындар. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.09.2021
Жазылуу
Башкы банк анык акчаны жасалмасынан айырмалоо үчүн банкноталардын бардык коргоо белгилерин текшерип көрүү зарылдыгын эскертти.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында жасалма сом табылгандыгы тууралуу социалдык тармактарда тараган билдирүүлөргө байланыштуу өлкөнүн Улуттук банкы банкнотанын аныктыгын кантип текшерүү керектигин эске салды.

Жасалма акча жасоочулардан этият болуу жана анык банкнотаны жасалмасынан айырмалоо үчүн бардык коргоо белгилерин текшерип көрүү зарыл:

  • Сүрөт. Банкнотаны кылдаттык менен текшерип, сүрөттөрдүн тунуктугуна көңүл буруңуз.
  • Рельефтүүлүк. Сүрөттөгү портрет менен жазуулардын рельефтүүлүгүн (одуракайлыгын) кол менен кармап текшерип көрүңүз.
  • Суу белги. Банкнотаны жарыкка салып кароодо ак тилкесинде жайгашкан суу белгисин текшерүү зарыл. Суу белгинин сүрөтү банкнотадагы портреттин сүрөтүнө дал келүүгө тийиш.
  • Коргоо тилке. Жарыкка салып кароодо туташ болуп көрүнүп туруучу жана номиналдык санды камтыган көзөнөкчө түрүндөгү коргоо тилкелерин текшерүү зарыл. 5000 сомдук банкнотаны жантайтып кароодо коргоо тилкеси кызыл түстөн жашыл түскө өзгөрөт.
  • Номиналдын сандары. Банкнотанын төмөнкү оң бурчунда жайгашкан тик бурчтукка көңүл буруңуз. Акчаны жантайтып кароодо оюу-чийменин алдында номиналдын саны көрүнөт.
  • Голографиялык тилке (100, 200, 500 жана 1 000 сомдук банкноталарда гана). Банкнотанын ар бир бурчунан жарыкка салып кароодо голографиялык тилкедеги сүрөттөр өзгөрөт.
  • Түсүн өзгөрткөн боёк (5 000 сомдукта гана). Банкнотаны ар бир бурчунан жарыкка салып кароодо тик бурчтуктун өңү жашыл түстөн көк болуп өзгөрөт.
  • Голограмма (2 000 сомдукта гана). Банкнотаны сол жактан оң жагына же тескери жагына жантайтып кароодо "25" деген сан улуттук оюу-чийимге айланып өзгөрөт.
  • Микрооптикалык тилке (2 000 сомдукта гана). Банкнотаны ар бурчунан жарыкка салып кароодо тилкедеги көлөмдүү сүрөттөлүш, кыймылдын таасири кубулуп, чагылышып көрүнөт.

Эгерде колуңузга шектүү банкнота түшүп калса, анда анын аныктыгына экспертиза жүргүзө турган жакынкы ички иштер бөлүмүнө баруу же Улуттук банкка өткөрүп берүү керек.

Улуттук банк улуттук валютанын шектүү банкноталарын жана монеталарын экспертизага күн сайын, дүйшөмбүдөн жумага чейин 9:00дөн 15:00гө чейин кабыл алат. Экспертиза акысыз жүргүзүлөт жана беш жумуш күндөн ашпайт.

Улуттук банк шектүү банкнотаны сатып өткөрүүгө аракет кылбоо керектигин, жасалма акчаны таркаткан адам да мыйзам алдында жазаланарын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0