Кайсы маморгандын кызматкерлери көбүрөөк вакцина алып жатат. Рейтинг

© AP Photo / Vladimir VoroninКоронавируска каршы вакцина алып жаткан адам. Архив
Коронавируска каршы вакцина алып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2021
Жазылуу
Кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүү боюнча эң төмөнкү көрсөткүч Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен Юстиция министрлигинде аныкталды.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Министрлер кабинети мамлекеттик кызматкерлерди COVID-19га каршы вакцинациялоо боюнча мамлекеттик органдардын рейтингин жарыялады.

Бүгүнкү күндө COVID-19га каршы 1,3 миллиондон ашык вакцина колдонулган. Биринчи доза менен 774 миңден ашуун адам эмделсе, 571 миңден ашык киши экинчи дозасын да алып бүттү.

Рейтинг Республикалык штаб тарабынан 20-сентябрга карата түзүлгөн.

  • Билим берүү жана илим министрлигинин жана ага караштуу ведомстволордун кызматкерлеринин 90,1 пайызы;
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги — 82 пайыз;
  • Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги — 77,4 пайыз;
  • Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги — 75,9 пайыз;
  • Инвестициялар министрлиги — 61,8 пайыз;
  • Экономика жана финансы министрлиги (анын ичинде ведомствого караштуу түзүмдөр) — 48,5 пайыз;
  • Тышкы иштер министрлиги — 44,8 пайыз;
  • Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы — 44 пайыз;
  • Улуттук статистика комитети — 45 пайыз;
  • Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматы — 37 пайыз;
  • Улуттук банк — 26 пайыз;
  • Санариптик өнүктүрүү министрлиги — 25 пайыз;
  • Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги — 24 пайыз;
  • Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети — 21,3 пайыз;
  • Эсеп палатасы — 21,4 пайыз:
  • Транспорт жана коммуникациялар министрлиги — 19,7;
  • Энергетика жана өнөр жай министрлиги — 8,8 пайыз;
  • Юстиция министрлиги — 7 пайыз;

Республикалык штаб COVID-19дун жайылышына жол бербөө, өзүңдү жана жакындарыңды оорунун күчөп кетүүсүнөн коргоонун бирден-бир ишенимдүү жолу эмдөө экенин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0