https://sputnik.kg/20210916/koono-sozdordun-chechmelenishi-1053919813.html
Талантбеков: "жыга" сөзү хандын баш кийимин же куштун таажысын түшүндүрөт
Талантбеков: "жыга" сөзү хандын баш кийимин же куштун таажысын түшүндүрөт
Sputnik Кыргызстан
Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди. 16.09.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-09-16T10:29+0600
2021-09-16T10:29+0600
2021-12-15T22:58+0600
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/0c/1050403732_0:0:3067:1725_1920x0_80_0_0_e2d1f88ddd120ec95c002d6ac13acbf9.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/0c/1050403732_118:0:2847:2047_1920x0_80_0_0_9e18327529c664199c66c1043d8079c5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
маданият, кыргызстан, нурбек талантбеков
маданият, кыргызстан, нурбек талантбеков
Талантбеков: "жыга" сөзү хандын баш кийимин же куштун таажысын түшүндүрөт
10:29 16.09.2021 (Жаңыртылды: 22:58 15.12.2021) Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмелеп берди.
"Манас" баянында кездешкен "жыга" деген сөздүн бир нече мааниси бар. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, аталган сөз эпостогу саптарда ар кандай учурларда кездешет.
"Эпосто "жыга" деген көөнө сөз кездешет. Анын биринчи мааниси мансаптык белгини түшүндүрөт. Башкача айтканда, хандын атайын баш кийими же болбосо ага тагылуучу асыл таш, куштун канаты дегенди билдирет. Дагы бир маанисинде аялдардын кооздолгон баш кийими же болбосо ага тагылган куштун канаты. Мындан тышкары, мөөргө тагылган белги, эн тамга катары сыпатталат. Ошондой эле куштун чокусундагы таажыны дагы "жыга" деп айткан учурлар кездешет", — деди Талантбеков.
Манасчы "жыга" сөзүн азыр дагы күнүмдүк турмушта колдонууга мүмкүндүктөр бар экенин кошумчалады.