Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мурзаев: азыр чечкинсиз жаштар көбөйдү

© Sputnik / Асылбек БактыбековПсихолог, кандидат психологических наук, доцент Маматали Мурзаев
Психолог, кандидат психологических наук, доцент Маматали Мурзаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Жазылуу
Психолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев баш кошууда аял менен эркектин мүнөзү шайкеш келүүсү өтө маанилүү экенин айтты.

Жар тандоодо психологияга гана эмес, астрология илимин дагы колдонуу керек. Бул тууралуу Маматали Мурзаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.

Мурзаев: азыр чечкинсиз жаштар көбөйдү

Анын айтымында, учурда жашоо образынын өзгөрүшүнөн, бекерчиликтин айынан инфантилдүү жаштар көбөйдү.

"Баш кошууда аял менен эркек мүнөзү жагынан шайкеш келүүсү өтө маанилүү. Бул жаатта япон, кытай эли психология илиминен башка астрология илимин колдонушат. Бул илимдин пайда болгонуна 6-7 миң жыл болду. Астрологдор адамдын туулган жылы, күнү, айына, ата-энесинин жаш курагы, канчанчы бала экенин карап, жылдыздардын жерге таасирин изилдеп, адамга мүнөздөмө берет. Ага карап келечектеги жары кандай болушу керектигин айтат. Ошондуктан Кытай, Японияда үй-бүлө куруу алдында жар тандоого астрологдор кийлигишет. Алардын салтына ылайык, ата-энелер балдарын тааныштыруунун алдында астрологиялык карталары менен алмашат. Дал келе турган болсо анан жаштар таанышып, мамиле курууга өтүшөт. Биз бул жагынан артта калдык. Сырткы келбетинен эле тон бычып, жашай келгенде батышпай, тил табышпай калып жатабыз. Минтип олуттуу нерсеге жеңил-желпи карап койгонубуз туура эмес. Мисалы, өзбектерде жуучу аялдар бар. Алар жигит менен кызды табыштырат. Бизде да айрым аялдар ушундай кызмат аткарса туура болот эле. Себеби азыр инфантилдүү эркектер же кыздар көп. Бул адам өзүнчө чечим чыгарып, тандоо жасай албайт. Азыркы 22 жаштагы жигит СССР мезгилиндеги 18 жашар балага салыштырмалуу түшүнүгү, жашоого болгон мамилеси, жалпы акылы жагынан дагы деле бала бойдон болуп жатат", — деди Мурзаев.

Психолог айылдык жана шаардык жаштар баш кошсо, маданияты, көз караштарында анча деле айырма болбой турганын айтып, тескерисинче, бирин-бири толуктап турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0