"Жигулинин" маңдайы жарабай калган. Токтогулда жол кырсыктан үч киши мерт болду
"Жигулинин" маңдайы жарабай калган. Токтогулда жол кырсыктан үч киши мерт болду
Sputnik Кыргызстан
Жол кырсыгы бүгүн таңда Бишкек — Ош унаа жолунда катталган. Жеңил унаа күйүүчү май ташыган автоунаа менен кагышып, ичиндеги үч киши мерт болгон. 15.09.2021, Sputnik Кыргызстан
Жол кырсыгы бүгүн таңда Бишкек — Ош унаа жолунда катталган. Жеңил унаа күйүүчү май ташыган автоунаа менен кагышып, ичиндеги үч киши мерт болгон.
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Жалал-Абаддын Токтогул районунда "Жигули" ВАЗ 2107 менен MAN күйүүчү май ташыган автоунаасы кагышып, каргашанын кесепетинен үч киши каза тапты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Жол кырсыгы 15-сентябрь күнү саат 07:10дор чамасында Торкент айыл аймагынын Кара-Жыгач айылында, Бишкек — Ош унаа жолунун 308-чакырымында катталган.
"Каргашанын айынан "Жигулидеги" үч эркек киши мүрт кеткен. Куткаруучулар менен милиционерлер аларды тез жардам унаасы менен Токтогул райондук ооруканасынын өлүкканасына өткөрүп беришти", — деп айтылат билдирмеде.