Жапаров АрМИ-2021дин жеңүүчүлөрүн куттуктап, 2 млн. сомдой акча бөлдү. Сүрөт

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров бүгүн VII эл аралык армия оюндарынын (АрМИ-2021) алкагында өткөн "Танк биатлону" менен "Десанттык взвод" мелдештеринин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды
Президент Садыр Жапаров бүгүн VII эл аралык армия оюндарынын (АрМИ-2021) алкагында өткөн Танк биатлону менен Десанттык взвод мелдештеринин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Жазылуу
Мамлекет башчысы аскер кызматкерлерине энчилүү саат тапшырган, алардын айрымдарына президенттин атынан Ыраазычылык кат берилди.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн VII эл аралык армия оюндарынын (АрМИ-2021) алкагында өткөн "Танк биатлону" менен "Десанттык взвод" мелдештеринин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызстана Садыр Жапаров вручил награды военнослужащим — победителям соревнований "Танковый биатлон" и "Десантный взвод", проведенных в рамках VII Армейских международных игр (АрМИ-2021)
Президент Садыр Жапаров бүгүн VII эл аралык армия оюндарынын (АрМИ-2021) алкагында өткөн Танк биатлону менен Десанттык взвод мелдештеринин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды - Sputnik Кыргызстан
1/4
Президент Садыр Жапаров бүгүн VII эл аралык армия оюндарынын (АрМИ-2021) алкагында өткөн "Танк биатлону" менен "Десанттык взвод" мелдештеринин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызстана Садыр Жапаров во время вручения награды военнослужащим — победителям соревнований "Танковый биатлон" и "Десантный взвод", проведенных в рамках VII Армейских международных игр (АрМИ-2021)
Президент аскерлердин жеңишин жогору баалап, алар Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына белек кылышканын белгилеген - Sputnik Кыргызстан
2/4
Президент аскерлердин жеңишин жогору баалап, алар Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына белек кылышканын белгилеген
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызстана Садыр Жапаров вручил награды военнослужащим — победителям соревнований "Танковый биатлон" и "Десантный взвод", проведенных в рамках VII Армейских международных игр (АрМИ-2021)
Мамлекет башчысы аскер кызматкерлерине энчилүү саат тапшырган, айрымдарына президенттин атынан Ыраазычылык кат берилди - Sputnik Кыргызстан
3/4
Мамлекет башчысы аскер кызматкерлерине энчилүү саат тапшырган, айрымдарына президенттин атынан Ыраазычылык кат берилди
© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Кыргызстана Садыр Жапаров вручил награды военнослужащим — победителям соревнований "Танковый биатлон" и "Десантный взвод", проведенных в рамках VII Армейских международных игр (АрМИ-2021)
Мындан сырткары, Танк биатлону менен Десанттык взвод сынактарынын катышуучуларына акчалай сыйлык катары президенттин резервдик фондунан 1 миллион 880 миң сом бөлүнгөн. - Sputnik Кыргызстан
4/4
Мындан сырткары, "Танк биатлону" менен "Десанттык взвод" сынактарынын катышуучуларына акчалай сыйлык катары президенттин резервдик фондунан 1 миллион 880 миң сом бөлүнгөн.
1/4
Президент Садыр Жапаров бүгүн VII эл аралык армия оюндарынын (АрМИ-2021) алкагында өткөн "Танк биатлону" менен "Десанттык взвод" мелдештеринин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды
2/4
Президент аскерлердин жеңишин жогору баалап, алар Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына белек кылышканын белгилеген
3/4
Мамлекет башчысы аскер кызматкерлерине энчилүү саат тапшырган, айрымдарына президенттин атынан Ыраазычылык кат берилди
4/4
Мындан сырткары, "Танк биатлону" менен "Десанттык взвод" сынактарынын катышуучуларына акчалай сыйлык катары президенттин резервдик фондунан 1 миллион 880 миң сом бөлүнгөн.

Президент аскерлердин жеңишин жогору баалап, алар Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына белек кылышканын белгилеген.

"АрМИ эл аралык аскер оюндары" акыркы жети жылдан бери көптөгөн мамлекеттердин арасында өткөрүлүп келе жатат.

"АрМИ оюндары өзүнүн маңызы, спорттук негизи боюнча аскер кызматчыларынын эл аралык олимпиадасы катары калыптанып калды. Мына ушул эл аралык аскер оюндарынын алкагында кыргыз армиясы негизги деп саналган ары татаал, ары салмактуу эки мелдешке – "Танк биатлону" менен "Десанттык взвод" сынактарына катышып, өз дивизиондорунда биринчи орунду багындырды. Биздин танкачыларыбыз сегиз мамлекеттин командалары менен мелдешсе, курсант-десантчыларыбыз 12 өлкөнүн командасы менен таймашты. Натыйжада жалпы дүйнө жүзү Кыргызстандын бийик көтөрүлгөн байрагын жана эң жогорку ардак тактадан улуу Манастын татыктуу урпактарын көрүштү", — деген Жапаров.

Жапаров танкачылар 31-августта – Эгемендүүлүк күнүндө жеңишке жетишкенин, ал эми эң мыкты даярдыгын десантчылар — өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн келечектеги офицерлери көрсөткөнүн айткан.

Ал танкачылар менен десантчыларга өлкөгө атак-даңк алып келген жеңиши үчүн терең ыраазычылык билдирип, бул командалардын күжүрмөн даярдыгын камсыз кылган бардык аскер кызматкерлерин өзгөчө белгилеген.

7-сентябрга караган түнү Кант авиабазасында Танк биатлонунда чемпион болгон кыргызстандыктарды тосуп алуу салтанаты өттү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.09.2021
Кыргызстан Танк биатлонунда чемпион болгон жоокерлерди тосуп алды. Сүрөт
Мамлекет башчысы аскер кызматкерлерине энчилүү саат тапшырган, айрымдарына президенттин атынан Ыраазычылык кат берилди. Мындан сырткары, "Танк биатлону" менен "Десанттык взвод" сынактарынын катышуучуларына акчалай сыйлык катары президенттин резервдик фондунан 1 миллион 880 миң сом бөлүнгөн.

Сөзүнүн соңунда Жапаров бардыгына бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана Мекенди коргоого арналган жооптуу кызматтарына ийгилик каалаган.

Белгилей кетсек, "VII эл аралык армия оюндары-2021" 22-августтан тартып 4-сентябрга чейин 11 мамлекеттин аймагында өткөрүлдү. Алар: Алжир, Армения, Беларусь, Вьетнам, Иран, Катар, Казакстан, Кытай, Россия, Сербия жана Өзбекстан. Мелдештер бир учурда 23 аскер машыгуу талаасында жана Каспий, Япон деңиздеринин сууларында өттү. Ага 42 өлкөдөн 277 команда курамында 5 миңден ашуун аскер катышкан.

Кыргызстандын курамасы "Танк биатлону" менен "Десанттык взвод" сынагынын экинчи дивизионунун жеңүүчүсү катары кийинки жылы биринчи дивизион курамында катышуу укугун алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0