Жума күнгө карата аба ырайы

© Фото / Pixabay / Free-PhotosЖаан. Иллюстративдик сүрөт
Жаан. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2021
Жазылуу
10-сентябрда өлкөнүн кээ бир райондорунда күн күркүрөп, тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетет.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Жума күнү күндүз айрым жерлерде аба ырайы бузулуп, кээ бир өрөөндөрдө жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +18…+23, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +19…+24, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +23…+28, Таласта +17…+22 градус болот.

Күндүн табы Бишкекте +21…+23, Ош шаарында +26…+28 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0