БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кыргызстандык UFC мушкери Рафаэль Физиевдин таймашы лигада август айындагы мыкты кармаш деп табылды. Бул тууралуу маалыматты Ultimate Fighting Championship уюму өзүнүн социалдык тармагын чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Физиев америкалык Бобби Грин менен 8-августта Хьюстондогу UFC 265 турниринин алкагында кармашып, калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылган.
Ошол эле күнү уюмдун Twitter баракчасы кыргызстандык мушкердин соккулары беттештин көбүрөөк көңүл бурдурган учуру деп табылганын жана кармаш эки тараптын тең күйөрмандарын бир топ кызытканын жазып чыккан.
An absolute battle to the end.
— UFC (@ufc) August 8, 2021
Here’s your Shot of the Night 📸
[ B2YB by @JoseCuervo ] pic.twitter.com/lUmDpjTe01
Бул кармаш "кеченин таймашы" жана "абсолюттук шоу" болуп, мушкерлердин ар бири бонус катары 50 миң доллардан сый акы алышкан.
Физиев 8-августтагы ийгилигинен соң UFC уюмунда удаасы менен төртүнчү жеңишин камсыздап жатат. Кыргызстандык спортчунун лигадагы буга чейинки үч кармашы да мыкты деп табылып, бонус берилген.