Кыргызстанда ишкер аялдар үчүн онлайн-платформа ачылды
Кыргызстанда ишкер аялдар үчүн онлайн-платформа ачылды
Sputnik Кыргызстан
Ар бир ишкер аял сайтка каттала алат. Платформа товарлардын сатылышына көмөк көрсөтүүнү көздөйт. Учурда миңден ашык аял бул мүмкүнчүлүктү пайдаланууда. 08.09.2021, Sputnik Кыргызстан
Ар бир ишкер аял сайтка каттала алат. Платформа товарлардын сатылышына көмөк көрсөтүүнү көздөйт. Учурда миңден ашык аял бул мүмкүнчүлүктү пайдаланууда.
БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкекте ишкер аялдарга арналган Buyfromwomenkg.com платформасынын презентациясы өттү. Бул тууралуу "Аялдар арасындагы ишкерликти өнүктүрүү фонду" коомдук бирикмеси билдирди.
Buyfromwomenkg.com сайтында бизнес менен алектенген аялдардын маалымат базасы камтылат. Максаты — аял-ишкерлердин товарынын сатылышын көбөйтүү. Эми өз ишин өнүктүрүп жаткан ар бир аял сайтка каттала алат.
"Аялдардан сатып ал" долбоорунун координатору Жылдызай Турдубекова онлайн-платформа ишкерлик менен алектенген аялдардын бирикмеси болуп каларын айтты
Учурда платформага 1000ден ашык ишкер аял катталган. Мындан сырткары, ЭКСПО-2021 долбоорунун алкагында аймактагы аялдар үчүн Dragon Den платформасы көрсөтүлдү.
"Аялдардан сатып ал" долбоорунун координатору Жылдызай Турдубекова онлайн-платформа ишкерлик менен алектенген аялдардын бирикмеси болуп каларын айтты.
"Бул платформадан аялдар өзүнүн бизнесин электрондук коммерция аркылуу өнүктүрүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат", — деди ал.
Презентация жарманке менен башталды. Анда Кыргызстандын бардык облустарындагы ишкер аялдардын продукциялары сатылды.
Иш-чара "Аялдардан сатып ал" улуттук кампаниясынын жыйынтыктоочу бөлүгү болуп саналат.