БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Венесуэла курама командасынын футболчусу Луис Мартинес Аргентинанын лидери Лионель Мессинин бутун сындырып сала жаздады. Бул тууралуу Р-Спорт жазып, окуянын видеосун чыгарды.
Venezuela down to 10 men after this horror Luiz Martinez tackle on Messi.
— 2021/22 Football Season (@JoySportsGH) September 3, 2021
A potential leg-breaker. #WCQ2022pic.twitter.com/rBI9mmOBcP
2022-жылы Катарда өтчү футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо этабында кечээ, 2-сентябрда, Венесуэла өз үйүндө Аргентина курама командасын кабыл алган. Мартинес биринчи бөлүктүн 27-мүнөтүндө катуу ылдамдыкта чабуулга келе жаткан Мессини шыйракка тээп алган. Сокку катуу болгону менен футболчу жаракат алган эмес.
Месси болсо медициналык жардам көрсөтүлгөн соң оюнун уланткан.
Беттеш Каракастагы (Венесуэла) "Олимпико" стадионунда өтүп, 3:1 эсебинде Аргентинанын жеңиши менен аяктаган. Бул ийгиликтен соң Мессинин командасы өз тайпасында экинчи сапка көтөрүлдү.