БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Бүгүн кечинде Бишкектин борбордук бөлүгү жол кыймылы үчүн жабык болот. Бул тууралуу Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Аймак саат 17.00дөн 22.00гө чейин тосулат.
Кыймылга төмөнкү көчөлөрдө чектөө коюлары айтылды:
- Чүй проспектисинин Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейинки бөлүгү — "Ала-Тоо" аянты;
- Абдымомунов көчөсүнүн Орозбековдон Эркиндикке чейинки бөлүгү — эски аянт.
Кайгуул милициясы эртең эски аянт кечке чейин жабык болорун кошумчалады.
Көчөлөр Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө арналган иш-чараларга даярдык көрүү үчүн тосулмакчы.