https://sputnik.kg/20210824/moonotunon-murda-kreditten-kutuluu-1053655849.html
Улуттук банк насыяны мөөнөтүнөн эрте төлөп кутулуунун оң, терс жактарын айтты
Улуттук банк насыяны мөөнөтүнөн эрте төлөп кутулуунун оң, терс жактарын айтты
Sputnik Кыргызстан
Мыйзамга ылайык, кыргызстандыктар насыядан каалаган убагында эч кандай айып төлөбөстөн кутула алышат. Болгону бул тууралуу алар банкка бир ай мурда айтып... 24.08.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-08-24T10:53+0600
2021-08-24T10:53+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/07e5/05/0c/1052474392_0:140:3067:1865_1920x0_80_0_0_9eeaeee8e110dbca4a048320db4395f5.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/0c/1052474392_39:0:2770:2048_1920x0_80_0_0_bb525f96d7fe82cb0f0a8db532695206.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, экономика, улуттук банк
жаңылыктар, коом, кыргызстан, экономика, улуттук банк
Улуттук банк насыяны мөөнөтүнөн эрте төлөп кутулуунун оң, терс жактарын айтты
10:53 24.08.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Мыйзамга ылайык, кыргызстандыктар насыядан каалаган убагында эч кандай айып төлөбөстөн кутула алышат. Болгону бул тууралуу алар банкка бир ай мурда айтып, эскертип коюшу шарт.
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Улуттук банк насыяны мөөнөтүнө чейин төлөп кутулуунун оң жана терс жактарын санап берди.
Мекеме Кыргызстандын мыйзамына таянып, насыя келишими боюча банк кредитин мөөнөтүнө чейин төлөп кутулам деген кардарга эч кандай айып санкциясын салбай, каалаган убагында төлөшүн карап бериши керек. Шарты — банкка бул тууралуу 30 календарлык күнгө чейин билдирүү.
Оң жактары:
- Насыянын пайыздык ченине жана убактысына жараша төлөө пайызынан үнөмдөп калууга болот. Бул жерде насыядан кайсы убакытта кутулуу пландалып жатканын эске алыш керек. Эгер сиз пайыздын көп бөлүгүн төлөп бүтсөңүз, анда үнөмдөө анча маанилүү деле болбойт. Башында кардар пайыздын көп бөлүгүн төлөп коет, ошол себептен бул кадам канчалык пайдалуу болорун да эсепке алуу керек;
- Каражаттан кутулуп, аны башка багытка жумшоо же инвестицияга салуу;
- Психологиялык өңүттөн алганда насыяны мөөнөтүнөн мурда төлөп кутулуу адамга оң таасирин тийгизет. Анткени кардар карыздан кутулуп жатат.
Терс жактары:
- Эгер сиз бардык каражат менен насыяны жаап салсаңыз, артыңызда финансылык коопсуздук үчүн жооп берген сарамжал жаздыкчада каражат калбай калат;
- Айрым учурда жакында эле алынган насыяны мөөнөтүнөн мурда жабуу туура эмес финансылык кадам болуп калат. Бул кийин кайра насыя алууга да терс таасирин тийгизип калышы ыктымал.