Трамп америкалык аскерлер Афганистанга кайра кайтышы мүмкүн экенин айтты

© REUTERS / Carlos BarriaАКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. Архив
АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2021
Жазылуу
Дональд Трамп Афганистанда Американын 10 миң эмес, 45 миңдей жараны калганын боолголоп, аскерлер ал жакка кайра кирүүгө аргасыз болорун кошумчалаган.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп тарапташтарынын митингинде америкалык аскерлер Афганистанга кайра кайтууга даяр болушу керек экенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Кайра киришибиз керек. Ошондо туура болот. Биздин өлкөнү азыр башкарып жаткан адам Афганистандан күчтүү армиябызды чыгарып кетип коркунучтуу чечим кабыл алды. Эми ал мамлекетке кайра кирүүгө аргасыз болобуз. Балким болбойбуз, бирок аргасыз болобуз. Анткени ал жакта АКШнын 45 миңдей жараны калды, кирбесек аларды көрбөй калабыз", — деди мурдагы президент. 

Дональд Трамп Афганистанда Американын 10 миң эмес, 45 миңдей жараны калганын боолгологон.

"Алар кайра кирүүнү ойлонбосо, анда силер 10 миң болобу, 45 миң болобу, ал адамдарды көрө албайсыңар", —деген ал.

Трамп Афганистандын отставкага кеткен президенти Ашраф Ганини алдамчы деп атап, өлкөсүнөн толтура акча менен качып кеткенин кошумчалаган. Мурдагы башчы Афганистандан АКШнын аскерлери чыгып кетери менен ал жакка Россия барууга даярданып жатканын белгилеген.

Эске салсак, буга чейин Жорджия штатынан шайланган республикачыл эл өкүлү Марджори Тейлор Грин Байденди ээлеген кызматынан четтетүү боюнча резолюциянын долбоорун Конгресстин кароосуна киргизгенин билдирген. Ал президентти 10 миң америкалыкты афгандык “Талибан”* кыймылынын кол астына калтырып кетти деп айыптоодо. 

Афганистандагы кырдаал

Афганистандагы АКШнын аскер кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.08.2021
АКШ Афганистандагы операцияга күн сайын 300 млн. доллар сарптап турганы айтылды
Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Жекшембиде согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.

Дүйшөмбүгө караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди.

Ал арада Панджшер аймагы талибдерге каршылык көрсөткөнү айтылып, вице-президент Амрулла Салех өлкөнүн убактылуу президенти экенин билдиргени айтылды.

"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0