Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Бейшебеков: паралимпиадалык курама команда үч түрлүү кийим менен камсыз болду

© Sputnik / Асель СыдыковаСпорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча комитеттин директорунун орун басары Жаныбек Бейшебеков. Архив
Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча комитеттин директорунун орун басары Жаныбек Бейшебеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.08.2021
Жазылуу
Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча комитеттин директорунун орун басары Жаныбек Бейшебеков XVI Паралимпиадалык оюндарына Кыргызстандан эки спортчу жана аларды коштоп үч киши жөнөп кеткенин айтты.

Бул жылы Паралимпиадага мындан да көбүрөөк спортчу кетиши керек эле. Пандемиядан улам айрым спортчулар жакшы даярдана алышкан жок. Лицензиялык турнирлерге көп эле спортчу барган. Бирок эки гана спортчу Паралимпиада оюндарына катышууга мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу Жаныбек Бейшебеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Бейшебеков: паралимпиадалык курама команда үч түрлүү кийим менен камсыз болду

Анын айтымында, параспорттун түрлөрү боюнча машыктыруучулар жетишсиз.

"Токиодо 24-августтан 5-сентябрга чейин өтө турчу XVI Паралимпиадалык оюндарына ядро ыргытуу спортунан Арстанбек Базаркулов жана дзюдодон Хайитхон Хусан кызы катышат. Аларды коштоп эки машыктыруучу жана COVID-офицер кетти. Спортчулар Паралимпиадалык аймактын талабына ылайык, үч күн изоляцияда болушат. COVID-офицер аларды көзөмөлдөп күнү-түнү отчет берип турат. Паралимпиадалык курама команда үч түрлүү кийим жана чемодандарды алышты. Ядро ыргытуу боюнча спортчу Арстанбек Базаркулов өзүнүн коляскасы менен кетти. Ал эми оюн учурунда ал атайын стандарттарга жооп берген столдо ядро ыргытат. Хайитхон Хусан кызына парадзюдо боюнча атайын стандарттык кимоно 800 долларга алып берилди. Ядро ыргытуу спортунан паралимпиадага катышып жаткан Арстанбек Базаркулов 2015-жылдан бери спорт менен машыгат. Армрестлинг боюнча Кыргызстандын бир нече жолку чемпиону. Азия чемпионатында экинчи орунга татыган. Буга чейинки Rio-2016 оюндарына катышып, бирок медаль алган эмес. Ал эми парадзюдочу Хайитхон Хусан кызы 2019-жылдан бери аталган спорттун түрү менен машыгат. Биздин спортчулар окутуу-даярдыктан өз убагында өтүп, лицензиялык мелдештерде жакшы жыйынтык көрсөтүштү. Андыктан алардын даярдыгы өтө жакшы, медаль алууга шанс бар. Бирок "күч атасын тааныбайт" дегендей эле оюндардын жыйынтыгын алдын ала айтуу, болжолдоо мүмкүн эмес", — деди Бейшебеков.

Ал Кыргызстандын Улуттук паралимпиадалык комитетинин реестринде пара-армрестлинг, паратаэквондо, парадзюдо, паратриатлон, шахмат, жеңил атлетика, парабий, пауэрлифтинг, парасүзүү болуп спорттун тогуз түрү катталганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0