БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. "Талибан"* радикалдык кыймылынын лидери Хайбатулла Ахундзада Афганистандын абактарындагы бардык саясий туткундарды бошотууну буйруду. Бул тууралуу талибдердин өкүлү Кари Юсуф Ахмадинин айтканына таянып РИА Новости кабарлады.
"Ислам Эмирлигинин жогорку лидери, шейх Аль-Хадис Хайбатулла Ахундзада (Хафизулла) бардык түрмөдө саясий куугунтуктан улам камалып жаткандарды бошотууну тапшырды. Провинциялардын губернаторлору төмөнкү, жогорку рангадагы бардык саясий туткундарды эркиндикке чыгарып, эртеңден тарта аларды үй-бүлөлөрүнө өткөрүп беришет", — деп жазган Ахмади өзүнүн Twitter баракчасына.
Афганистандагы кырдаал
Бир нече апта мурда Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң Афганистанда абал кескин курчуган. Талибдер бир катар ири шаарларга кол салып, басып алышкан. Жекшембиде согушкерлер өлкөнүн бардык чек ара өткөрүү жайларын көзөмөлгө алып, президенттик сарайга киргенин жар салган.
Дүйшөмбүгө караган түнү "Талибандын"* өкүлү Мухаммед Наим 20 жылга созулган согуш аяктаганын, жакында мамлекетте жаңы башкаруу формасы киргизилерин билдирди.
Ал арада Панджшер аймагы талибдерге каршылык көрсөткөнү айтылып, вице-президент Амрулла Салех өлкөнүн убактылуу президенти экенин билдиргени айтылды.
"Талибан"* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде диний-экстремисттик уюм катары тыюу салынган кыймыл болуп саналат.